Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 45
А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин күн чыгыш бетинен от жагуучу бөлмө үчүн кошумча корпус куруу,от казандарын жаңыртып куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун А.Карыпкулов атындагы орто мектептин от жагуучу бөлмөсү жараксыз абалга келип , кирпичтери эзилип урап бараткандыктан жана от жагуучу казандары эскирип калгандыгына байланыштуу мектептин күн чыгыш бетинен от жагуучу бөлмө үчүн кошумча корпус куруу,от казандарын жаңыртып куруу үчүн 0,2 га жер бөлүп берүүсү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы токтом кылат:
1.А.Карыпкулов атындагы орто мектептин от жагуучу бөлмөсү жараксыз абалга келип , кирпичтери эзилип урап бараткандыктан жана от жагуучу казандары эскирип калгандыгына байланыштуу мектептин күн чыгыш бетинен от жагуучу бөлмө үчүн кошумча корпус куруу,от казандарын жаңыртып куруу үчүн 0,2 га жер бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнгөн жердин иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |