Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 47
Айылды ички көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн күн нурунан энергия алган жол чырактарын орнотуу иштерин жүргүзүү долбоору жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айылды ички көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн күн нурунан энергия алган жол чырактарын орнотуу иштерин жүргүзүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Суу айыл аймагындагы айылдын ички Абас Нуржигитов көчөсүндө А.Карыпкулов атындагы орто мектеп, Орозбак уулу Кимбилет атындагы мечит, айыл өкмөтүнүн кеңсеси жана ФАПка күн нурунан энергия алган жол чырактарын орнотуу иштерин жүргүзүү жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2.Айылдын ички көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн күн нурунан энергия алган жол чырактары орнотуу иштерин жүргүзүүгө керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы долбоор даярдоо жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |