Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 48
Кара-Суу айыл аймагындагы волейбол аянтчасына ысым ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу айылынын волейбол оюнчуларынын Б.Үметалиев атындагы спорт комплексинин түштүк тарабында жайгашкан волейбол аянтчасына Айталиев Буланбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы Б.Үметалиев атындагы спорт комплексинин түштүк тарабында жайгашкан волейбол аянтчасына Кара-Суу айылынын волейбол оюнуна жана өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алып, маркум Айталиев Буланбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Волейбол аянтчасынын оңдоп түзөө иштерине көзөмөл жүргүзүү жагы бир туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |