Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 49
Бетон электр устундарын Талас электр тармактар ишканасына кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө
Бетон электр устундарын Талас электр тармактар ишканасына кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
токтом кылат:
1.Кара-Суу айылынын А.Нуржигитов, А.Мамбеталиева, Т.Кабылов, С.Жаныбаев, Ж.Молдалиев жана К.Молдалиев көчөлөрүнө 4 км айыл өкмөтүнө тиешелүү жерге 110 даана бетон электр устундары орнотулсун.
2.Кара-Суу айылынын А.Нуржигитов, А.Мамбеталиева, Т.Кабылов, С.Жаныбаев, Ж.Молдалиев жана К.Молдалиев көчөлөрүнө орнотулган 110 даана бетон электр устундарын Талас электр тармактар ишканасынын балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилсин.
3.Бетон электр устундарынын иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Кабыловага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |