Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 50
Кара-Суу айыл аймагынын Ш.Токтогазиев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы дренажды тазалоо иштерин жүргүзүү долбоору жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Ш.Токтогазиев көчөсүнүн жашоочуларынын үйлөрүнөн суу чыгып, тамдарынын ичи ным тартып, жашоочулардын ден соолугуна кооптуу абал жаратып жаткандыгына байланыштуу дренажды тазалоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
токтом кылат:
1.Кара-Суу айыл аймагындагы Ш.Токтогазиев көчөсүндөгү дренажды тазалоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2.Ш.Токтогазиев көчөсүндөгү дренажды тазалоо иштерин жүргүзүүгө керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |