Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 51
Кара-Суу айыл аймагындагы А.Карыпкулов атындагы орто мектептин окуучулары үчүн окуу китептерин алып берүү долбоору жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун А.Карыпкулов атындагы орто мектептин окуучулары үчүн окуу китептерин алып берүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
токтом кылат:
1.А.Карыпкулов атындагы орто мектептин окуучулары үчүн окуу китептерин алып берүү жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2. А.Карыпкулов атындагы орто мектептин окуучулары үчүн окуу китептерин алып берүү үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |