Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 52
Кара-Суу айыл аймагындагы Бермет апа атындагы бала бакчасына
балдар ойноочу аянтча куруу долбоору жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Бермет апа атындагы бала бакчасына балдар ойноочу аянтча куруу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
токтом кылат:
1.Бермет апа атындагы бала бакчасына балдар ойноочу аянтча куруу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2.Балдар ойноочу аянтча куруу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |