Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 53
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Таштанды таштоочу жай (мусорный полигон) куруу боюнча, Талас райондук жер комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесин жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы токтом кылат:
1.Таштанды таштоочу жай (мусорный полигон) куруу үчүн Талас районунун Кара-Суу айылдык аймагынын административдик чегиндеги “Присельный” участогундагы №871 чөйрө сызыгында жайгашкан жалпы аянты 1,1 га жер участогун “Запастагы жерлер” категориясынын таштак жайыт жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергитиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын башка жерлер түрүнө которуу (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Жер участогун “Запастагы жерлер” категориясынын таштак жайыт жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергитиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын башка жерлер түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |