Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 54
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук
программасы жана өнүгүү багытындагы инвестициялык долбоорлор боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын Кара-Суу айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук программасы жана өнүгүү багытындагы инвестициялык долбоорлору боюнча түзүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
токтом кылат:
1.Кара-Суу айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга туруктуу өнүнгүүнүн улуттук программасы боюнча түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору бекитилсин.
2.2022-2026-жылдарга өнүгүү багытында аткарылуучу инвестициялык долбоорлору боюнча түзүлгөн иш-чаралар планынын долбоору бекитилсин.
3.Бекитилген пландын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Самсиев |