Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 23-сессиясы
2022-жылдын 13-октябры № 55
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү долбоору жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Кара-Суу айылынын Кайырма каналынын үстү жагынан 1 га кайракы жерге алмурут, кара өрүк, малина, чычырканак сыяктуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү аркылуу экологиялык жактан жана ден-соолукка пайдалуу продукцияларды өстүрүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Суу айылынын Кайырма каналынын үстү жагындагы №1147 контурунда жайгашкан 1 га кайракы жерге алмурут, кара өрүк, малина, чычырканак сыяктуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү аркылуу экологиялык жактан жана ден-соолукка пайдалуу продукцияларды өстүрүү жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2.Алмурут, кара өрүк, малина, чычырканак сыяктуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интенсивдүү бакчасын тигүү үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы долбоор даярдоо жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Самсиев |