Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын 16-сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 3
Подстанция орнотуу жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовдун, “Кең-Арал кирпич” кичи заводдун айланасындагы Эсиркеп көчөсүнө подстанция орнотууга уруксат берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Альянс алтын” өнүктүрүү фондусу менен Кен-Арал кирпич заводунун түзүлгөн келишиминин Социалдык милдеттемесиндеги аткара турган иш чаралардын ордуна элдин муктаждыгына карата Эсиркеп көчөсүнө подстанция 106 000(жүз алты миң) сомго сатып берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токонов |