Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 22-ноябры № 65
Баткен шаарынын тургуну, Баткен областтынын прокурорунун кадрлар ишти уюштуруу жана ЖМК менен кызматташуу боюнча улук жардамчысы юстициянын подполковниги Д.И.Ташкожоевге Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна жана Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Жобосуна, Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 2018-жылдын 21-июндагы №01-8/21 токтому менен бекитилген жобосуна, Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 18-ноябрдагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын тургуну, Баткен областтынын прокурорунун кадрлар, ишти уюштуруу жана ЖМК менен кызматташуу боюнча улук жардамчысы юстициянын подполковниги Ташкожоев Динмухамед Имаровичке Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Г.Артыкбаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |