Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХXIIII сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 23-5
Ат-Башы айыл өкмөтүндө мүлк салыгын жыйноо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүндө мүлк салыгын жыйноо жөнүндөгү айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Мусаеванын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 37-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын жыйноо төмөндөгү тизмеге ылайык киргизилсин;
1) Айыл чарба багытындагы жер салыктары:
-КБФнын ижарага берилген жерлерине,
-Үлүш жерлерге
2) Калктуу конуштардын айыл чарба багытындагы эмес жерлерине салыктар;
3) Короо алдындагы жер тилкелерине, физикалык жактарга салыктар;
4) Унаа салыктары;
5) Кыймылсыз мүлк салыгы;
6) Турак-жай эмес мүлк салыгы;
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн мүлк салыктарынын өз убагында жыйналып аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Мусаевага милдеттендирилсин;
Төрага | К. Айдыралиев |