Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 22-ноябры № 61
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетке 2022-жыл үчүн кошумча түшүрүлгөн кирешени чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 3-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын 2022-жылдын 28-октябрындагы №01-13/2043 катынын, шаардык Кеңештин бюджет, салык, экономикалык, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетине 2022-жылдын 10 айында “салык агентти төлөөчү киреше” салыгынан кошумча түшүрүлгөн 29895,8 миң.сом, дем берүүчү гранттын кайтарым каражаты 73,9 миң сом, төмөнкү беренелерге бөлүнүп берилсин.
-Баткен шаар мэриясынын ММД 2111”Эмгек акы” беренесине 4194,6 миң сом, 2121 “социалдык фондго төлөмдөр” беренесине 361,2 миң сом, 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” беренесине 1000,0 миң сом, 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесине 16400,0 миң сом, 3112 “Машиналар жана жабдуулар” беренесине 560,0 миң сом, 3314 “Ички карыз алуулар” беренесине 4400,0 миң сом, 2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” беренесине 150,0 миң сом, баары: 27065,8 миң сом, Баткен –Автобаза ММ нин 2211 “Эмгек акы” беренесине 1485,5 миң сом, 2121” социалдык фондго төлөмдөр” беренесине 128,1 миң сом, 2211 “кызматтык кыдырууларга төлөмдөр” беренесине 90,0миң сом жалпы:1703,6 миң сом, “Нур” балдардын калыптандыруу борборунун 2111 “Эмгек акы” беренесине 699,3 миң сом, 2121 “Социалдык фондго төлөмдөр” беренесине 120,6 миң сом баары 819,9 миң сом, Аскер комиссариатынын 2111 “Эмгек акы” беренесине 275,6 миң сом, 2121 “Социалдык фондго төлөмдөр” беренесине 30,9 миң сом баары 306,5 миң сом,
-дем берүүчү гранттын кайтарым каражаты 733,9 миң сом өз багытына чыгымдалсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет, салык, экономикалык, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |