Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 22-ноябры № 62
Календардык майрамдарды майрамдоолорго убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Баткен шаарынын коомдоштугунун жобосуна ылайык, 2022-жылдын 14-сентябрында жана 16-17 сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон каттуу кагылышууда 63 аскерибиздин шейит кеткендигин жана 200 гө жакын жарандарыбыздын жарадар болуп, жүздөгөн тургундарыбыздын үй-жайсыз калгандыгын, шаар тургундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгын эске алып, Баткен шаарынын аймагында облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1.Баткен шаарында облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө 2023-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкү календардык майрамдарды, майрамдоого чектөө киргизилсин:
1. “Балаты -2022” майрамы;
2. “Нооруз -2023” майрамы; (элдик сейилдөө менен чектелсин)
3. Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштуруу;
5. 8-март аялдардын Эл аралык тилектештиги күнү;
6. Акыркы коңгуроо салтанаттары;
7. 1-июнь Балдардын Эл аралык күнү:;
8. 9-май Улуу Жеңиш майрамы;
9. 31-август Эгемендүүлүк күнү;
10. “Балаты- 2023” майрамы
2.Шаар аймагында календардык майрамдарды майрамдоого убактылуу киргизилген чектөө, шаар калкына ММК аркылуу жеткирилсин.
- шаар мэриясы киргизилген чектөөлөргө ылайык шаар калкына түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү менен элдик сейилдөөлөрдү уюштуруп берсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу шаар калкына жеткирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жана иновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |