Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 22-ноябры № 63
Баткен шаарынын Дөгмөн аймагындагы Дөгмөн дарыясына курулуучу кичи ГЭС үчүн бөлүнгөн “айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянтын, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жерлер жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 27-берененин 1-пунктуна, Баткен шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрдагы VII чакырылышынын X сессиясынын №50 токтомуна, КР айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кыргыз мам жер долбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2022-жылдын 9-сентябрдагы №01-18/1002 бүтүмүнө жана шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Дөгмөн аймагындагы Дөгмөн дарыясына курулуучу кичи ГЭС үчүн бөлүнгөн 3,0 га (тиешелүү жери) “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянты, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жерлер жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Багыты өзгөртүүгө кирген жер аянтынын тийиштүү болгон иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |