Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 22-ноябры № 64
Баткен шаарынын ММД балансасындагы ижарага берилген, Кызыл-Жол, Базар-Башы АТОлорунун аймагындагы 8,90 га өлчөмүндөгү таштуу жайыт “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянттарын “Көп жылдык бак-дарактар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-берененин 2-пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу,айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 18-ноябрдагы отурумунун кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңшинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын ММД балансасындагы ижарага берилген, Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы №726-контурундагы 1,30га, Базар-Башы АТОсундагы №435 контурундагы 1,60га, 8-контурундагы 6,0 га жалпы 8,90 га өлчөмүндөгү таштуу жайыт “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянттарын “Көп жылдык бак-дарактар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Категориялары өзгөртүүгө макулдук берилген жерлердин багыттарын тийиштүү
мекемелер менен нормативдик актылардын негизинде өзгөртүү жасоо шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтом, Баткен шаардык расмий сайт аркылуу шаар калкына жеткирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу,айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |