Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXIII сессиясы
2022-жылдын 26-сентябры № 1
Кара-Буура айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын “14” мартындагы №56 буйругунун негизинде бекитилген Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламенти боюнча “Укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент, курулуш, ички жолдор жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун Кара-Буура айылдык кеңешинин сессиясында карап чыгып, Кара-Буура айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Кара-Буура айылдык кеңешинин Типтүү регламенти алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас облусттук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
3.Кара-Буура айылдык кеңешинин Типтүү регламентинин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө “Укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент, курулуш, ички жолдор жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Джумагулов |