Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXIII сессиясы
2022-жылдын 26-сентябры № 4
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча төлөм акы кошуп берүү жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика жана инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясы корутундусун сессияда талкуулап, 2022-жылдын 1-августтундагы №266 катар сандуу КР Президентинин жарлыгынын 3-пунктунун 7-пунктчасын жетекчилике алып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 14 кызматкерине (айыл өкмөт башчысы, айыл өкмөт башчысынын орун басары, жооптуу катчы, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, чыгаша боюнча башкы адис, киреше боюнча башкы адис, экономист-статист, мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис, жер маселелери боюнча жетектөөчү адис, социалдык коргоо боюнча башкы адис, юрист адистиги, иш кагаздарды жүргүзүүчү адис, кароолчу, пол жуугуч) 2022-жылдын бюджетинен компьютердин зыяндуулугу деп каралган 216 780 сом акча каражаты бирдей өлчөмдө 2022-жылдын 1-августунан баштап жыл этегине чейин кошумча төлөм катары төлөнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Е.Раимбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д.Култаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Джумагулов |