Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин кезектеги V чакырылыштагы кезектеги XVII сессиясы
2022-жылдын 1-декбры № 1
Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосуна Нарын шаарынан сунушталып жаткан долбоорлор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке аша турган долбоорлор аталган фонддун кароосуна сунушталсын (тиркеме тиркелет).
2. Сунушталган долбоорлор менен иш алып баруу жана шаарга киреше алып келе турган экономикалык жана социалдык долбоорлорду даярдап, Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун кароосуна сунуштоо жагын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Молдосалиев |
|
|