Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2022-жылдын 21-ноябры № 7/4
Көк-Жар айыл аймагына караштуу жаңы ФАП (фелдшердик акушердик пункту) салуу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагына жаңы ФАП (фелдшердик акушердик пункту) салуу үчүн, Көк-Жар айылынын жашоочусу 02.05.1986-жылы туулган Нуралиев Эрик Нуралиевич өзүнө тиешелүү, мурдагы эски гараждагы 0,10 га жерин элге жардам катары өз макулдугу менен айыл өкмөттүн карамагына белекке берип жаткандыгына байланыштуу Көк-Жар айылдык кенеши
токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагынын тургуну Нуралиев Эрик Нуралиевич өзүнө тиешелүү 0,10 га жер участогу айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын, райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан бүткөрүү милдеттендирилсин.
2. Белекке өткөн жерге Көк-Жар айылын ФАП (фелдишердик акушердик пункт) куруу жагы, документерин бүткөрүү Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси Касмакун уулу Адилетке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сабыржановго тапшырылсын.
.
Төрага: | А. Кадыракунов |