Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIIIсессиясы
2022-жылдын 20-сентябры № 18/5
Окуучуларды сарайлардан ташуу боюнча кызмат көрсөтүү келишими жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловдун ,айдоочу А.Касмалиев менен айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептерге окуучуларды алыскы сарайлардан ташып келүү жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүү келишимин карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн, Кочкор айылынын И.Арабаев атындагы, К.Бай уулу атындагы жана Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептеринин окуучуларын алыскы сарайдан алып келүү жана жеткирүү боюнча түзүлгөн кызмат көрсөтүү боюнча келишими ар бир балага 75 (жетимиш беш) сомдон түзүлүп бекитилсин.
2. Келишим менен көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер келишимди түзгөн тараптардын аткаруусуна алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага: | Э.Э. Эшмукамбетов |