Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 17–сессиясы
2022-жылдын 13-декабры № 2
Казан-Куйган айыл айылдык аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Казан-Куйган » суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Усупов Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Казан-Куйган» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мучөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын
2. Усупов Казыбек Сырымбетович айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) «Казан-Куйган» суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу-берүү актын түзсүн.
2) « Казан-Куйган » суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.
З) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
З. Ушул Казан-Куйган айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-декабрындагы 17-сессиясынын № 2 токтомун Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Шаарбек уулу Бекназар |