Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 34-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 5-ноябры № 34-1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын бюджети жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү №28-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн 2022-жылдагы бюджетинин 10 айлык аткарылышын алып караганда чыгаша жагында кээ бир жумуштар мамлекеттик сатып алуу порталына берилгенде баа төмөн болгондон эч ким кирген эмес. Ошондуктан жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесинин 3- бөлүгүнүн жана 115-беренесин колго алып 4- бөлүгүнүн негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл өкмөттүн 2022-жылдагы бюджетинин чыгашасынын 10 айлык аткарылышын алып караганда Кожоке айылына асфальт төшөөгө, Федоров атындагы айылдын эки көчөсүнө трансформатор алууга, Чеч-Дөбө айылынын Бак көчөсүнө мамыча, чубалгыга жана 2022-жылда таштанды таштоочу авто унаа алууга каралган акча каражаттарынан айыл өкмөттүн борбордук жолдоруна видео көзөмөл орнотууга, Аппарат кызматкерлерине компьютер жана эмеректерди алууга бөлүнгөн акча кражаттарын ушул эле бөлүмдөрдүн беренелеринен жылдырбастан башка материалдарга жана жумуштарга №1 тиркеменин негизинде жылдырылып берилсин.
2. Өзгөчө кырдаалдарга бөлүнгөн акча каражаттарынан Ноокат-Папан чоң жолунан жүк ташуучу HOWO үлгүсүндөгү авто унааны жолду буздурбоо максатында, Ноокат районунун акиминин 28-декабрь 2020-жылдагы № 219-б буйругунун негизинде уюштурулган постогу кызматчынын акысына 80,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн аткарылбай жаткан акча каражатын №1 тиркеменин жана ушул токтомдун 2 пункта негиз чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Н. Жолдошов |