Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 34-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 5-ноябры № 34-2
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылындагы “Улук апа” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылындагы “Улук апа” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу ” жөнүндөгү элдик жыйындын протоколуна негиз, М.Ысмановдун билдирүүсүнө ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылына “Улук апа” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачуу ” жөнүндөгү М.Ысмановдун билдирүүсүнө ылайык, элдик жыйындын протоколу канааттандырылып, кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Байыш айылындагы”Улук апа” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча ачылуучу тайпаны Республикалык бюджетке киргизүү айыл өкмөтүнө, 3-тайпага алынып жаткан балдар үчүн шарт түзүү балдар бакчасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин социалдык –маданий, билим берүү, миграция, туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Карыбековго жүктөлсүн.
Төрага: | Н. Жолдошов |