Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 34-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 5-ноябры № 34-4
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине таянып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Толук аталышы:
Мамлекеттик тилде:”Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемеси;
Расмий тилде: Учреждение “Н.Исановский айылный кенеш”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: ”Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши” м-е,
Расмий тилде: У-е “Н.Исановский айылный кенеш”.
2. ”Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемесинин регламенти бекитилсин.
3. ”Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемесинин аткаруучу органы-төрагасы болуп Жолдошов Нургазы Жумабаевич дайындалсын.
4. ”Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги(жайгашкан жери) Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Н.Исанов атындагы айыл аймагы, Жаңы-Базар айылы, Н.Исанов көчөсү 84
5. ”Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана өткөрүү айылдык кеңешинин төрагасы Жолдошов Нургазы Жумабаевичке жүктөлсүн.
Ушул чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталган жана мыйзамда белгиленген учурларда , юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.
Төрага: | Н. Жолдошов |