Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
2022-жылдын 4-ноябры №29
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Босого айылына бала бакча курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 4-ноябрындагы №390/1 сандуу катын негиз кылып,ошондой эле айыл өкмотүнүн башчысы Ж.Тажибаевтин билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Босого айылындагы №18 А.Тукеев атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтынан айылга бала бакча куруу максатында 0,17 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Жогорудагы бала бакча курууга бөлүнүп берилген жер тилкесине болгон тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнун башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Асантай уулу А |