Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV- сессиясы
2022-жылдын 1-декабры №30
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн айыл аймагы боюнча 2022-жылы жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн айыл аймагы боюнча 2022-жылы жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевтин маалымат отчетун угуп,талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевтин отчетунун негизинде,айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичинде айыл аймагы боюнча жүргүзгөн иштери алгылыктуу колго алынгандыгы белгиленип, канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айыл аймагына инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү ишке ашыруу,курулуп жана курулушу бүтүп жаткан обьектилер боюнча такай көзөмөл жүргүзүү ошондой эле калкты көмүр менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Асантай уулу А |