Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 87
Кошумча төлөтгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Москва районунун өнүктүрүү фондуна каржылоого айыл өкмөтү кайрылган долбоорлорду ишке ашырууга кошумча төлөөгө акча каражатын бөлүү жөнүндө, « SDLG 956 F фронталдык жүктөгүчтүн атайын техникасын алуу» долбоорунун наркы - 4500,0 миң сом, кошумча төлөмдүн өлчөмү - 900, 0 миң сом. б.а. 20% түзөөрү жөнүндө докладын угуп, талкуулап, Биринчи Май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сынакка жиберилген Москва районунун өнүктүрүү фондуна « SDLG 956 F фронталдык жүктөгүчтүн атайын техникасын алуу» долбоору 4500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Джумагулова Н.Б. 2023-жылга бюджетти түзүүдө «SDLG 956 F фронталдык жүктөгүч үчүн атайын техниканы алуу» долбоору боюнча кошумча төлөөгө - 900,0 миң сом каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |