Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 86
Кошумча төлөтгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековдун КР Финансы Министрлигине үлүштук (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн № 4 орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча долбоорун жибере тургандыгы жана долбоорду ишке ашырууда кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүп берүү, долбордун баасы 4337,3 миң сом, кошумча төлөмдүн өлчөмү – 1337,3 миң сомду б.а. 30,8 %ды түзөөрү жөнүндө докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого жиберүүлүчү № 4 орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча долбоору 4337,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н.Б. Джумагуловага 2023-жылдын бюджеттин түзүүдө № 4 орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча долбооруна кошумча төлөмгө 1337,3 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |