Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 83
Биринчи Май айыл аймагында жашаган жеке жактардан суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө
«Мүрөк» СООППВнын төрагасынын Биринчи Май айыл аймагында жашаган жеке жактардын суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди бекитүү жөнүндө катын угуп жана карап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи Май айыл аймагында жашаган бир керектөөчүгө жеке жактардан ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн абоненттик төлөмдүн баасы 60 (алтымыш) сомдон бекитилсин;
- ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн абоненттик төлөмдүн наркы 1 м3 үчүн 20,24 (жыйырма) сом 24 тыйын бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Мүрөк» СООППВнын төрагасы Ч.С.Орозалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |