Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 77
Жер участокторун түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөт башчысынын жер тилкелерин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө маселесин карап жана талкуулап жайгашкан дареги боюнча Ак-Суу а., Добровольский көчөсү атындагы жалпы аянты 9 (тогуз) га жер категориясына огород 3 (үч) га жана башка жерлер 6 (алты) га, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык которуу (трансформациялоо) жөнүндө жер участокторун», Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 жана 13-статьяларына ылайык жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология, айыл чарба жана регламент 2022-жылдын 23-октябрындагы №7 боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Дареги боюнча жайгашкан жер участокторду Ак-Суу а., Добровольский к. атындагы жалпы аянты 9 (тогуз) га жер категориясына огороддор 3 (үч) га жана башка жерлер 6 (алты) га жана андан ары жеке турак жай курууга трансформациялоо үчүн түзүүгө макулдук берилсин.
2. Жеке турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун аянтынын өлчөмү 0,08 соткадан 0,05 соткага өзгөртүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |