Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 74
Жер тилкесин максатту багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жарандар Арлизов Тахир Ахмеджановичтин, Даузов Ибрагим Кадыровичтин 2022-жылдын 4-аапрелиндеги арызын угуп жана талкуулап, жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө арызга (2022-жылдын 18-июлундагы № 54-2022 шаар куруу корутундусу) тиркелген материалдар менен таанышып чыгып, Ак-Суу а., Вокзальная көч. атындагы № 10 дареги боюнча жайгашкан жер участогу диний үгүттөө багытынан коомдук имараттарга чейин (тигүү цехи) багытына өзгөртүү боюнча. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 18 4-б., 77-б.3 негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы 2014-жылдын № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуунун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо” жетекчиллике алат , жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктары жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология, айыл чарба жана регламент боюнча комиссянын 2022-жылдын 23-октябрындагы № 7, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ак-Суу а., Вокзальная көчөсү №10 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 869,0 кв. м. жер участогунун диний үгүттөө багытынан коомдук имараттарга (тигүү цехи) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |