Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 73
Жер тилкесин максатту багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жаран Ажыбекова Анара Эсенамановнанын 2022-жылдын 19-августундагы арызын карап жана талкуулап, жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө арызга тиркелген материалдары (2022-жылдын 18-июлундагы № 54-2022 шаар куруу корутундусу) менен таанышып чыгып, Ак-Суу а., Ломоносов көч. атындагы № 208а дареги боюнча жайгашкан коммерциялык максатта (дүкөн) багытына өзгөртүү боюнча. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 18 4-б., 77-б.3 негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы 2014-жылдын № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуунун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобо” жетекчиллике алат , жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктары жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология, айыл чарба жана регламент боюнча комиссянын 2022-жылдын 23-октябрындагы № 7 Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ак-Суу а., Ломоносов көчөсү №208а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 161,0 кв.м. жер участогунун коро жай багытынан, коммерциялык (дүкөн) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |