Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 11-ноябры № 72
Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун берүү жөнүндө
Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине христиан көрүстөнүн кеңейтүү үчүн жер участогун берүү маселени угуп жана талкуулап, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,архитектура курулуш, транспорт, экология, айыл чарба жана регламент боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде 2022-жылдын 23-октябрындагы № 7, ченемдик укуктук актылары 12-ст. 1-пунктуна, 13-ст. 3-пунктуна, 25-ст., 18-ст. 4-пункту, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин”, «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-ст., Биринчи Май айылдык Кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи май айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке мөөнөтсүз пайдалануу укугуна айыл чарба айдоо жерлери категориясындагы № 285, 288, 290 контурдагы жалпы аянты 14 (он төрт) га. түзүү жана андан ары христиан көрүстөн катары пайдалануу үчүн жер тилкеси берилсин.
2. Биринчи Май айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси жер-кадастрдык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана бөлүнгөн участоктун иш кагаздарын Москва районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалына түзүүнү;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |