Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 3-октябры № 67
Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде жерди сатууга макулдук берүү жөнүндө
Биринчи май айыл өкмөтүнүн муниципалитетинин менчигиндеги жер участогун сатууга макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык маселелер боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 9, «Муниципалдык менчик жөнүндө» КР Мыйзамынын 2-ст., Биринчи Май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи май айыл өкмөтүнө жалпы аянты 2235,0 кв.м төзгөн дареги боюнча: Ак-Суу а., түштүк-чыгыш тарабы жер тилкеси Заводская көч. №1 аукцион аркылуу жер тилкесин сатууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |