Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин XVIII сессиясы
2022-жылдын 3-октябры № 65
2022-жылдын 9 айына бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө
ФЭО жетекчинин Джумагулова Н.Б. 2022-жылдын 9 айына бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө маалыматын угуп жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча жана мандат комиссиянын корутундусунун негизинде 2022-жылдын 29-апрели № 9, талкуулагандан кийин, Биринчи Май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2022-жылдын 9 айына бюджеттин киреше бөлүгүн тактоого байланыштуу киреше бөлүгү 1900,0 миң сомго көбөйтүлсүн:
- киреше салыгы - 11111100 - (+) 1000,0 миң сом;
- бирдиктүү салык - 11121100 - (+) 500,0 миң сом;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык - (+) 400,0 миң сом;
2. Киреше бөлүгү 146,2 миң сомго кыскартылсын;
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы - (-) 146,2 миң сом;
3. Атайын жабдууларды сатып алууга кеткен чыгымдарды көбөйтүү
- бөлүм 70629 турак жай-коммуналдык чарба 31123210 статья - 1753,8 миң сом.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭО жетекчиси Джумагуловага Н.Б.жүктөлсүн.
Төрага | Н.И. Акматалиев |