Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-апрели № 15/6-28
Юрьевка айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын салганга жер тилкесин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 21.10.2021-ж. № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18 б., 4 п. негизинде , жана Юрьевка айыл аймагынын социалдык-экономикалык планын аткаруу максатта Юрьевка айылдык кеңеш
Токтом кылат:
1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган, Юрьевка айылы,, Советская көчөсү, номер 95, адресте жайгашкан – 10062,11 м.2 чарчы жерге Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын салууга уруксат берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына кайрылуу даярдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Майлибашевке жүктөлсүн.
Төрага |
К. А. Толбашиев |