Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-августу № 18/8-28
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жана айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) Юрьевка айыл аймагында катто жөнүндө маселени карап чыгып Юрьевка айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы (АКИА) катталсын.
2 Юрьевка айыл аймагында айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын каттоодон өткөрүүгө документтерди даярдоо АКИАнын төрагасы Ш.Х.Аслановко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Юрьевка айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К. А. Толбашиев |