Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-августу № 20/8-28
Юрьевка айыл аймагында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын аймагында жайгашкан эскилиги жеткен имараттарды бузуу жөнүндө
Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Майлибашевтин № 337/03-13 05.08.2022-жылдагы өтүнмөсүн карап чыгып жана эскилиги жеткен имараттардын баланстык баасы нөл болгондугун эске алып Юрьевка айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган, Юрьевка айылы,, Советская көчөсү, номер 95, адресте жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун авариялык эскили жеткен имараттарды (тамак-аш бөлүмү, рентген, физкабинет, жашылча сактагыч) бузууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Юрьевка айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К. А. Толбашиев |