Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-октябры № 22/9-28
Юрьевка айыл аймагынын
“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына мөөнөтсүз колдонууга берилген айыл чарба багытындагы жерлеринин ижара акысын аныктоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19- сентябрындагы №329 “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөндүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, Юрьевка айылдык кенеши
токтом кылат:
1.Жогорудагы тарифтин 1 бөлүмүнүн 9 пунктун жетекчиликке алып, көрсөтүлгөн тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, мөөнөтсүз колдонууга берилген айыл чарба багытындагы 1га жеринин ижара акысы 12000 (он эки мин) сом өлчөмүндө аныкталсын. Анын ичинен кайрак жеринин ижара акысы 2226 ( эки мин эки жүз жыйырма алты) сом өлчөмүндө аныкталсын.
2.Бул токтомду көзөмөлдөө Юрьевка айылдык кенешинин жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К. А. Толбашиев |