Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаменти жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Токой экосис-темасын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токойчарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) Кыр-гыз Республикасынын аймагында токой экосистемасын өнүктүрүү, сактоо жа-на токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү тармагында бирдиктүү мамлекеттиксаясат жүргүзүүчү борбордук дењгээлдеги мамлекеттик органы болот. 2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын Токой кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, КыргызРеспубликасынын башка нормативдик укуктук актыларын, Мамагенттиктинбуйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Департамент өз ишин Мамагенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрү, минис-трликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, КыргызРеспубликасынын аткаруучу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мам-лекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-ры, эл аралык, коомдук уюмдар менен өз ара тыгыз байланышта жүргүзөт. 4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, өзүнүн мамлекеттикжана расмий тилдердеги аталышы түшүрүлгөн мөөргө, штамптарга, фирмалыкбланктарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыначылыктутумунда алыш-бериш жана башка эсептерге ээ. 5. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин каражатынын,өзүнө караштуу бөлүнүштөрдүн өздөрүнө түшкөн атайын каражаттардын сум-масынан которууларынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюусалынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат. 6. Башкармалыктын расмий аталышы: - кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктинТокой экосистемасын өнүктүрүү департаменти"; - орус тилинде: "Департамент развития лесных экосистем Государст-венного агентства по охране окружающей среды и лесному хозяйству приПравительстве Кыргызской Республики". 7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720040,Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142. II. Департаменттин максаттары жана милдеттери 8. Департаменттин ишинин максаты токой баскан аянттарды көбөйтүүмаксатында Кыргыз Республикасынын аймагында токой экосистемасын өнүктү-рүүнү, сактоону жана токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүнү камсыз кылууболуп саналат. Аталган максаттарына ылайык Департамент төмөнкүдөй негизги маселе-лерди чечет: - токой экосистемасын туруктуу өнүктүрүү, сактоо тармагында бир-диктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү; - концепцияларда жана программаларда белгиленген иш-чаралардын ат-карылышын камсыз кылуу; - Мамлекеттик токой фондунун (мындан ары - МТФ) аймагында токой-лорду калыбына келтирүү, токой өстүрүү, коргоо жана сактоо, күрдүүлүгүнарттыруу жана сарамжалдуу пайдалануу иштерин уюштуруу; - токой жайгаштырууну пландаштыруу өркүндөтүлүшүнө, ал боюнча иш-тердин аткарылышына контролду уюштуруу жана ишке ашыруу. III. Департаменттин иш-милдеттери 10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй иш-терди жүргүзөт: а) тармактык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндө: - токой чийки заттарын жана башка ресурстарды изилдөө жана алардынатыйжалуу пайдалануу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу; - токой экосистемасынын жер кыртыштарынын бузулуу процесстерининалдын-алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын коргоо, сактоо, кө-бөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагында нормативдик укуктук акты-лардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорлорун, иштелип жатканмамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгуу жана Мамагенттиккекиргизүү; - республиканын илимий мекемелери менен бирдикте токой фондунунпродукттуулугун жана сапаттык курамын жогорулатууну, аны коргоону жанасактоону камсыз кылган токой чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларыништеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - Мамагенттикке жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарынпайдалануу жаатында жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмде-рин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токойпродукциясына баалардын прейскурантын иштеп чыгуу жана түзүү, тиешелүүмамлекеттик органдар менен макулдашуу жана аны менен Департаменттин тү-зүмдүк бөлүнүштөрүн кабардар кылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токойчарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелерибоюнча эрежелерди, негизги жоболорду жана нускамаларды, токой чарбачы-лыгы боюнча иш-чаралардын бирдиктери аткарылгандыгы үчүн типтүү норма-ларды жана баа ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү; - токой чарба ишканаларына токойду калыбына келтирүү жана санитар-дык абалды кармоо боюнча иште көмөк көрсөтүү, токойлордун күрдүүлүгүнжогорулатуу, калкалоочу жана кыртыштын бузулушуна каршы өстүрүлгөнөсүмдүктөрдүн тилкелерин, ошондой эле шаарлардын жана айылдардын жанаөнөр жай борборлорунун айланасында жашыл зоналарды түзүү боюнча иш-ча-раларды жүргүзүү; - Мамагенттикке эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен токой эко-системасын сактоого жана токой тармагынын көйгөйлүү маселелерин чечүүгөбагытталган макулдашууларды, келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды кир-гизүү; б) координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө: - улуттук илимдер академиясынын илимий изилдөө институттары мененбирдикте токойдун зыянкечтерин изилдөө жана аларга каршы күрөшүү чара-ларын иштеп чыгуу; - токой өсүмдүктөрүнүн генетикасын, селекциясын изилдөө; - МТФ аймагында токойду мамлекеттик коргоого жетекчилик кылуу, то-кой ооруларына байкоо салуу жана токой зыянкечтеринин уюктарын жана ил-деттерин каттоо, зыянкеч курт-кумурскаларга, токой илдеттерине каршыкүрөшүү боюнча профилактикалык жана башка иш-чараларды жүргүзүү; - токой чарба мекемелери жана уюмдары токой чарба иш-чараларынжүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарын сакташын кон-тролдоо; - токой чарба иштеринин сапатын, токойлорду мамлекеттик каттоо бо-юнча тартиптин, эрежелердин жана нускамалардын сакталышын, мамлекеттиктокой кадастрынын сапаттуу жүргүзүлүшүн контролдоо; - МТФнын жерлерин бөлүүнүн жана кабыл алууну эсепке алуу, ошондойэле МТФ жерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо; - токой чарба иштеринин жүргүзүлүшүн контролдоо; - өзүнүн түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, башка юридикалык жактардын жанаадамдардын токой чарбасын жүргүзүү боюнча иштерин координациялоо жанакөзөмөлдөө; - мыйзамда аныкталган тартипте МТФнун токой жайгаштыруу иштерининжүргүзүлүшүн контролдоо, токой жайгаштыруу материалдарын Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитүү; - токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюулардан сактоону, жапайы жаны-барларды браконьерликтен жана МТФнын токой экосистемасына зыян келтирчүбашка аракеттерден коргоону уюштуруу; - Департаменттин илимий жана ишкер чөйрөлөр менен токой экосисте-масын сактоо жана токой тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча ишин жүр-гүзүү жана координациялоону камсыздоо; - юридикалык жактардын жана жеке адамдардын токой чарбасын жүргү-зүү маселеси боюнча иштерин координациялоо; в) жөнгө салуу чөйрөсүндө: - токой экосистемасынын объекттеринин иштерин жөнгө салуу макса-тында токой экосистемасынын абалын талдоо жана аларды андан арыөнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте токойкыюу жана токойчулук билеттерин берүүнү уюштуруу, берүүнү жана жоккочыгарууну жөнгө салуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жыгачбөлүп берүүгө наряддарды, жыгач берүүгө ордерлерди берүү; г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө: - байыртан сакталып келаткан өсүмдүктөрдүн генофондун аныктоо жанасактоо, токой үрөнчүлүгү, селекциясы боюнча иштерди уюштуруу, МТФнынаймагында жањгак жемиш жыгачтарынын, тез өсө турган теректердин, мажү-рүм талдын жана дарактын башка түрлөрүнүн өнөр жайлык плантацияларынтүзүү; - токойду сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, ушул маселелер боюнчаишканаларды жана уюмдарды методикалык камсыздоо; - Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында аныкталган тартипте акылуу кызматтарды көрсөтүү; д) ишти колдоо чөйрөсүндө: - токой экосистемасынын фаунасын сактоо үчүн биотехникалык иш-ча-раларды жүргүзүү; - токой экосистемасынын объекттеринин баштапкы эсебин алуу жанамаалыматтык базасын түзүү; - республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экосистеманыналкагында маалыматтарды чогултуу жана алмашуу; - туристтик уюмдарга токой массивдеринде экологиялык туристтикмаршруттарды уюштурууга көмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери менен бирдикте Департа-менттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин окутуу жанаквалификациясын жогорулатуу; - жаратылыш жөнүндө билимдерди пропагандалоо жана таркатуу, токойэкосистемасын сарамжалдуу пайдалануу жана токой чарбасын жүргүзүү боюн-ча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды уюшту-руу; - токой ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатындааткаруу бийлиги органдарын, чарбакер субъекттерди, коомчулукту жанакалкты токой ресурстарынын абалы жөнүндө кабардар кылууга катышуу. IV. Департаменттин укуктары жана милдеттери 11. Департамент өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргөукуктуу: - МТФ аймагында жањгактын, тез өсө турган теректердин, мажүрүмталдардын жана дарактын башка түрлөрүнүн өнөр жайлык плантацияларын тү-зүү; - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий инс-титуттары менен бирдикте токой зыянкечтерине жана илдеттерине каршы кү-рөшүү чараларын иштеп чыгуу; - токой экосистемасынын объекттерин өнүктүрүү жана жөнгө салуу бо-юнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу; - токой экосистемасынын фаунасын сактоо үчүн биотехникалык иш-ча-раларды жүргүзүү; - токой экосистемасынын топурак кыртышынын бузулуу процесстерининалдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү; - токой экосистемасынын объекттеринин баштапкы эсебин алуу жанамаалыматтык базасын түзүү; - республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялык ма-алыматтар системасынын алкагында маалыматтарды чогултуу жана алмашуу; - республиканын илимий мекемелери менен бирдикте токой фондунунпродукттуулугун жана сапаттык курамын жогорулатууну, аны коргоону жанасактоону камсыз кылган токой чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларыништеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - токойлорду сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу маселеси боюнча иш-каналарга жана уюмдарга усулдук жардам көрсөтүү; - МТФ аймагында мамлекеттик токой коргоого жетекчилик кылуу, токойооруларына байкоо салуу жана токой зыянкечтеринин уюктарын жана токой-дун илдеттерин эсепке алуу жана зыянкеч курт-кумурскаларга, токой ил-деттерине каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана башка иш-чаралардыөткөрүү; - токой чарба мекемелери жана уюмдары токой чарба иш-чараларынжүргүзгөндө Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарынын сакташын конт-ролдоо; - токой чарба иштеринин сапатына, токойлорду мамлекеттик каттообоюнча тартиптин, эрежелердин жана нускамалардын сакталышына, мамлекет-тик токой кадастрынын жүргүзүлүшүнө контроль кылуу; - МТФ жерлерин башка категорияга которуу боюнча материалдарды ка-роо жана макулдашуу; - МТФ жерлерин бөлүү кабыл алуу эсебин жүргүзүү, ошондой эле МТФжерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо; - токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын коргоо, сактоо, кө-бөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагында нормативдик укуктук акты-лардын, стандарттардын, нормативдердин долбоорлорун, иштелип жатканмамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгуу жана Мамгенттиккекиргизүү; - Мамагенттикке жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарынпайдалануу жаатында жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмде-рин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токойпродукциясына баалардын прейскурантын иштеп чыгуу жана аны тиешелүүмамлекеттик органдар менен макулдашуу, аны менен Департаменттин түзүм-дүк бөлүнүштөрүн кабардар кылуу; - Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан баалардын прейску-рантынын туура колдонулушун контролдоо; - өзүнүн түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, башка юридикалык жактардын жанаадамдардын токой чарбасын жүргүзүү боюнча иштерин координациялоо жактакөзөмөлдөө; - мыйзамда аныкталган тартипте токой кыюу жана токойчулук билетте-рин берүү жана жараксыз кылуу ишин уюштуруу, жөнгө салуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте МТФнынтокой жайгаштыруу иштеринин жүргүзүлүшүн контролдоо, токой жайгаштырууматериалдарын мыйзамында аныкталган тартипте бекитүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте токойчарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесибоюнча негизги жоболорду жана нускамаларды, токой чарба иш-чараларынынбирдиктери аткарылгандыгы үчүн типтүү нормаларды жана баа ченемдериништеп чыгуу жана бекитүү; - токой чарба ишканаларына токойлорду калыбына келтирүү жана сани-тардык абалды кармоо боюнча иште көмөк көрсөтүү, токойлордун күрдүүлү-гүн жогорулатуу, калкалоочу жана кыртыштын бузулушуна каршы өстүрүлгөнөсүмдүктөрдүн тилкелерин, ошондой эле шаарлардын жана айылдардын жанаөнөр жай борборлорунун айланасында жашыл зоналарды түзүү боюнча иш-ча-раларды жүргүзүү; - токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюулардан сактоого, жапайы жаны-барларды браконьерликтен жана токой экосистемасына МТФга зыян келтирчүбашка аракеттерден коргоого багытталган иш жүргүзүү; - токой экосистемасын сактоо үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды жанагранттарды тартуу максатында эл аралык кызматташтык жүргүзүү; - Мамагенттикке эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен токой эко-системаны сактоого жана токой тармагынын көйгөйлөрүн чечүүгө багыттал-ган макулдашууларды, келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды киргизүү; - Департаменттин илимий жана ишкер чөйрөлөр менен токой экосисте-масын сактоо жана токой тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча иштешүүсүнжүргүзүү жана координациялоо; - туристтик уюмдарга токой массивдеринде туристтик маршруттардыуюштуруу жаатында экотуризмди өткөрүүгө көмөктөшүү; - Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери менен бирдикте Департа-менттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин окутуу жанаквалификациясын жогорулатуу; - жаратылыш жөнүндө билимдерди пропагандалоо жана таркатуу, токойэкосистемасын сарамжалдуу пайдалануу жана токой чарбасын жүргүзүү боюн-ча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды уюшту-руу; - юридикалык жактардын жана адамдардын токой чарбасын жүргүзүү ма-селелери боюнча иштерин координациялоо; - токой ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатындааткаруу бийлигинин органдарын, чарбачылык субъекттерин, коомчулукту жа-на калкты токой ресурстарынын абалы жөнүндө кабардар кылуу; - мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте токой фондунун жерлерин пайдалану-уга, ижарага жана токой чарбасын жамааттык жүргүзүүгө (ТЧЖЖ) берүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жыгачбөлүп берүүгө наряддарды берүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте акыалынчу кызматтарды көрсөтүү; - ишканаларга (бирикмелерге), уюмдарга жана мекемелерге, ошондойэле жарандарга жана чет өлкөлүк адамдарга жана юридикалык жактарга то-койду пайдалануу эрежелерин бузгандыгы, токой ресурстарын сарамжалсызпайдалангандыгы, ошондой эле курчап турган чөйрөнү булгоонун натыйжа-сында токойлорду бузгандыгы жана жок кылгандыгы менен байланышкан токойчарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду коюу. 11. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргөмилдеттүү: - өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ка-туу ылайык жүргүзүүгө; - токой экосистемасын сактоону, көбөйтүүнү, токой чарбасын сарам-жалдуу жүргүзүүнү камсыздоого көмөктөшүүгө; - Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин жана Кыргыз Республика-сынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары катуу сакталышына же-тишүүгө; - калкка, мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарына токой экосистемасынын абалы туурасында өз убагындажана ишенимдүү маалымат берүүгө. V. Департаменттин ишин уюштуруу 12. Департаментти Мамагенттиктин директорунун сунушу боюнча КыргызРеспубликасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана бошотуучу ди-ректор башкарат. 13. Департаменттин директорунун орун басары, бөлүм башчылары Де-партаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери кызматка Департамент-тин директорунун сунушу боюнча Мамагенттиктин директору тарабынан дай-ындалышат жана бошотулушат. 14. Башкармалыктын ишин Мамагенттик контролдойт. 15. Департаменттин директору: - Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин жетектейтжана координациялайт; - Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын толукжана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат жанакөрсөтмөлөрдү берет; - Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн токой чарба ишине өндү-рүштүк тапшырмаларды бекитет; - Департаменттин Техникалык кењешинин отурумун өткөрөт; - Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет; - орун басарынын жана Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн же-текчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт; - Мамагенттикке Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчиле-рин кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу боюнча сунуштарды кирги-зет; - Мамагенттикке Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эм-гек акы төлөө фондунун чегинде чыгымдардын эсеп-кысабын жана штаттыктизимин бекитүүгө киргизет; - Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн сметаларын жана штаттыктизимдерин бекитет; - Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жаратылышты коргоо мый-замдарынын бузулганы туурасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынакаршы келген актыларын, протоколдорун жокко чыгарат; - "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык Департаменттин мамлекеттик кызматчыларын, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Эмгек кодексине ылайык башка кызматкерлерди жумушкаалат жана жумуштан бошотот; - Департаменттин кызматкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктарменен сыйлоого Мамагенттиккке сунуш кылат; - Департаменттин жетекчилерине, адистерине жана башка кызматкерле-рине тартиптик жазаларды берет; - сотто жана башка мамлекеттик органдарда, мекемелерде Департамен-ттин атынан чыгат; - Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу мак-сатында аларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат; - Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматерлеринесоциалдык колдоо көрсөтүүгө, алардын эмгек жана турмуш шартын жакшырту-уга көмөктөшөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарымукуктарды ишке ашырат. 16. Департаменттин директору жок учурда анын милдетин орун басарыаткарат. 17. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бардык кыз-маткерлерине бекитилген үлгүдөгү атайын форма кийим берилет, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте табелдик курал жанаатайын каражаттарды сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга уруксатберилет. 18. Токой экосистемасын сактоо, көбөйтүү жана токой чарбасын өнүк-түрүү тармагында айрыкча маанилүү маселелерди кароо жана чечүү үчүн Де-партаментте 5 кишиден турган Техникалык кењеш түзүлөт, анын курамынаДепартаменттин жетекчиси (Техникалык кењештин төрагасы), анын орун ба-сары, Департаменттин башка жетекчи кызматкерлери жана окумуштуулар ки-рет. Департаменттин Техникалык кењешинин мүчөлөрү Мамагенттиктин дирек-торунун буйругу менен бекитилет. VI. Эсеп жана отчеттуулук 19. Департаментте бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчет мый-замдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 20. Департамент квартал сайын Департаменттин жана анын түзүмдүкбөлүнүштөрүнүн негизги жана финансылык иштери жөнүндө отчетторду Мама-генттикке берип турат. VII. Департаменттин ишин токтотуу 21. Департаментинин ишин токтотуу өзгөртүп түзүү жана жоюу жолуменен ишке ашырылат. 22. Департаментти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 23. Департаменттин иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестринетийиштүү жазуу жазылган учурдан тартып токтоду деп эсептелет. 24. Департаменттин иш процессинде түзүлгөн документтер "КыргызРеспубликасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык сакталат.