Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ањчылыкты көзөмөлдөө жана ањчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Ањчылыкты кө-зөмөлдөө жана ањчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаменти(мындан ары - Департамент) ањчылык ресурстарын коргоо, көбөйтүү, сарам-жалдуу пайдалануу жана санын жөнгө салуу жана ањчылык ишмердигин башка-руу жана өнүктүрүү тармагында мамлекеттин экологиялык коопсуздугун кам-сыз кылуу максатындагы бирдиктүү саясат жүргүзүүчү Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасыбоюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамагенттик) борбордукдењгээлдеги өз алдынча түзүмдүк бөлүнүшү болуп эсептелет. 2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-нин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдикукуктук актыларын, Мамагенттиктин буйруктарын жана ушул Жобону жетекчи-ликке алат. 3. Департамент ишмердигин Мамагенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрү,Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, адми-нистрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдары, ањчылык жерлерин пайдалануучулар, эл аралык, коомдукуюмдар менен өз ара тыгыз байланышта жүргүзөт. 4. Департаменттин карамагына региондордогу 6 өкүлчүлүгү кирет: Чүй, Ысыккөл, Нарын, Талас, Жалалабат, Ош-Баткен. 5. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жа-на расмий тилдердеги өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөргө, штамптарга, фир-малык бланктарга, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казына-чылык тутумунда алыш-бериш эсебине ээ. Менчигинин түрү - мамлекеттик. 6. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин, атайын каражат-тардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башкабулактардын эсебинен ишке ашырылат. 7. Департаменттин расмий аталышы: - кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктинАњчылыкты көзөмөлдөө жана ањчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу де-партаменти (Ањчылык департаменти)"; - орус тилинде: "Департамент охотничьего надзора и регулированиечисленности охотничьих ресурсов (Департамент охоты) Государственногоагентства по охране окружающей среды и лесному хозяйству при Правитель-стве Кыргызской Республики". 8. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720014,Бишкек ш., Манас проспекти, 155. II. Департаменттин максаттары жана милдеттери 9. Департаменттин иш-аракеттеринин максаты Кыргыз Республикасынынаймагында ањчылык ресурстарын сактоо жана санын көбөйтүү болуп эсепте-лет. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - ањчылык ишмердиги, ањчылык ресурстарын коргоо, сактоо жана кө-бөйтүү, өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын тармагын (ањчы-лык заказниктерин), жапайы жаныбарларды көбөйтүү үстүндө иштеген жанамоделдик ањчылык участкаларын өнүктүрүү, ањчылык ресурстарын, ошондойэле жапайы жаныбарлар байырлаган чөйрөлөрдү (ањчылык жерлерин) сарам-жалдуу пайдалануу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү; - ањчылык ресурстарын жана жапайы жаныбарлардын байырлоо чөйрөлө-рүн коргоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча юридикалык жанажеке жактардын ишмердиктерин координациялоо; - ањчылык ресурстарын коргоого жана сарамжалдуу пайдаланууга, жа-пайы жаныбарлардын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүнүн сакталышына, жа-пайы жаныбарларды көбөйтүү жана биотехникалык иш-чаралардын жүргүзүлү-шүнө жана жапайы жаныбарлардын санын жөнгө салууга ањчылык көзөмөлдүктүуюштуруу жана жүргүзүү; - мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарын жана ањчылык жерлерин пайдалануучуларды, коомчулукту жана кал-кты ањчылык ресурстарынын абалы жөнүндө кабардар кылуу. III. Департаменттин иш-милдеттери 10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн тө-мөнкүдөй иштерди аткарат: а) тармактык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндө: - ањчылык ресурстарын коргоо, көбөйтүү, сактоо жана сарамжалдуупайдалануу боюнча бирдиктүү илимий-техникалык саясатты иштеп чыгуунууюштурат жана жүргүзөт; - ањчылык чарбасын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын чарбакерсубъекттерине ањчылык жерлерин бекитүү боюнча тиешелүү тартипте келишимтүзөт жана бузат; Мамагенттикке тиешелүү тартипте төмөнкүлөрдү иштеп чыгат жана кир-гизет: - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине ањчылык эрежелерин, нормала-рын, ыкмаларын жана мөөнөттөрүн, аларды кармоо лимитин жана квоталарынбекитүү боюнча сунуштарды; - ањчылык ресурстарын пайдалануунун нормативдик укуктук актылары-нын, стандарттарынын, нормативдеринин, заманбап формаларынын, усулдары-нын жана эрежелеринин, ањчылык иш, ањчылык ресурстарын коргоо, сактоо,көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагында мамлекеттик программа-лардын долбоорлорун; - Жаныбарлардын ањчылык түрлөрүнүн тизмесин түзүү жана оњдоо кир-гизүү боюнча материалдарды; - ањчылык минимуму боюнча бирдиктүү окуу куралдарын жана башкамаалыматтык материалдарды; - ањчылык билеттерин эсепке алуунун жана берүүнүн эрежелерин, шар-ттарын жана тартибин; - ањчылык жерлерин пайдалануунун, республиканын ањчылык жерлерининфондун түзүүнүн жана аларды эсепке алуунун шарттарын жана тартибин; - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыныннормативдери жана юридикалык жактар менен жеке адамдар тарабынан ањчы-лык фондуна келтирилген зыян үчүн доолордун өлчөмдөрүн эсептөө үчүн та-рифтер боюнча сунуштарды; - ањчылык жаныбарларынын жана алардын байырлоо чөйрөсүнүн (ањчылыкжерлеринин) мамлекеттик эсебин, мониторингин жана кадастрын жүргүзүүшарттарын, мөөнөттөрүн жана тартибин аныктоо жана оњдоо киргизүү боюнчасунуштарды; - ањчылык иш тармагында ањчылык ресурстарын жана алар байырлаганчөйрөнү сарамжалдуу пайдаланууну, сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кыл-ган инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча долбоордук су-нуштарды. б) координациялоо, көзөмөлдүк кылуу жана текшерүү тармагында: - өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн, кимге караштуулугуна жана менчигининтүрүнө карабастан ањчылык жерлерин пайдалануучулардын жана инсандардынишин координациялайт жана көзөмөлдүк кылат: ањчылык ишин жүргүзүү, ањчылык ресурстарын жана бекитип берилгенањчылык жерлерин пайдалануу, спорттук-ышкыбоз жана кесиптик ањчылыкты,чет өлкөлүк мергенчилердин катышуусу менен ањчылык турларын уюштуруужана жүргүзүү, ањчылык жаныбарларын кармоого жана аларды пайдалануугауруксат берүү документтерин тариздөө жана берүү тартибин сактоо, ањчы-лык продукцияларын кармоо (кармап алуу, атып алуу), даярдоо (сатыпалуу), кайра иштетүү жана сатуу; ањчылык жаныбарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызылкитебине киргизилген жапайы жана сейрек жаныбарлардын жоголуп бараткантүрлөрүнүн санынын эсебин алуу; ањчылык жаныбарларынын жана алардын байырлоо чөйрөсүнүн мониторин-гин жана кадастрын жүргүзүү боюнча чараларды көрүү; юридикалык жана жеке адамдар тарабынан (анын ичинде, чет өлкөлүк-төр) биотехникалык иш-чараларды, анын ичинде, ањчылык жерлерин реконст-рукциялоо, ањчылык жаныбарларынын байырлоо шарттарын жакшыртуу, зыянкечжырткычтардын (карышкыр, чөө ж.б.) санын жөнгө салуу, ветеринардык-про-филактикалык, байырлаштыруу жана кайра байырлаштыруу, жапайы куштардыжасалма көбөйтүү, популяциялардын сапаттык курамын оптималдаштыруу, би-отехникалык курулмаларды түзүү жана пайдалануу боюнча иш-чараларды ко-шуп алганда, пландаштыруу, уюштуруу жана өткөрүү; жапайы куштарды өстүрүү жайларын жана ањчылык жайларын түзүү жанаиштетүү; моделдүү ањчылык участокторун түзүү жана анда кармоолорду, атыпалууларды, анын ичинде, илимий иштерди жүргүзүү; юридикалык жактар жана жеке адамдар (анын ичинде, чет өлкөлүк) та-рабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, стандарттардын, нормативдер-дин, эрежелердин, ошондой эле Мамагенттиктин жана Департаменттин буй-руктарынын, нускамаларынын жана жоболорунун сакталышы; бекитилип берилген ањчылык жерлеринде ањчылыкты көзөмөлдөө постто-рунун ишин уюштурат. ањчылык жана башка жапайы жаныбарлардын байырлоо чөйрөсүнүн абалы-на мониторинг жүргүзөт, ањчылык ресурстарынын жана алардын байырлоочөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзөт, маалыматтар банкын түзөт. ањчылык ресурстарын, ањчылык фаунасын эсепке алууну жөнгө салууда,биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүдө, зыяндуу жырткыч жаныбарлардынсанын жөнгө салууда ањчылык көзөмөлүн жүргүзөт; Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларгабөгөт коюу жана алдын-алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ањчылык жерлерин пайдалануу-чулар менен өз ара аракетте иштейт. Кыргыз Республикасында аркарлардын популяциясын изилдөө, сактоожана сарамжалдуу пайдалануу боюнча программанын алкагында ишти коорди-нациялайт. в) жөнгө салуу чөйрөсүндө Департамент белгиленген тартипте төмөн-күлөрдү ишке ашырат, берет жана жокко чыгарат: - ањчылыкка укук берген ањчылык билеттерин, жолдомолорун, чет өл-көлүк мергенчилерге ањчылык жаныбарларын атып алууга уруксат берүүчүысымдык карточкаларын жана олжо барактарын, зыянкеч жаныбарларды кар-моого уруксат кагаздарын берет жана олжо баракчаларын күбөлөндүрөт. Департамент тиешелүү тартипте Мамагенттикке төмөнкүдөй сунуштардыкиргизет: - ишмердиктин түрлөрүнө белгиленген тартипте лицензияларды берүүжана жокко чыгаруу боюнча сунуштарды (ањчылык чарбасы жана куштардыкармоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тизме боюн-ча); - ањчылык жерлерин бекитип берүүгө келишимдерди түзүү жана бузуубоюнча сунуштарды; - белгиленген тартипте ањчылык жерлерин пайдалангандар ортосундажапайы жаныбарларды кармоого лимиттерди белгилөө жана квоталарды бөлүш-түрүү боюнча сунуштарды; - жапайы жаныбарларды кармоого, алып кетүүгө жана алып келүүгө бе-рилген уруксат кагаздарын жокко чыгаруу жана жарактуулугун токтотуу су-нуштарын. г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү аткарат: - юридикалык жана жеке жактарды, анын ичинде, чет өлкөлүктөрдү,алардын ањчылык жүргүзүүгө берилген (спорттук-ышкыбоз, трофейлик, өнөржайлык, илимий ж.б.) арыздары боюнча тейлөө; - келишимдик негизде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин изилдөө жа-на ањчылык ишмердиктерин жүргүзүү боюнча илимий-изилдөө иштерин атка-руу. д) ишмердикти колдоо чөйрөсүндө: - республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялыкмаалымат тутумунун алкагында экологиялык маалыматтарды чогултат жанаалмашат; ањчылык ишмердиги чөйрөсүндө чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарменен кызматташууну ишке ашырат жана Кыргыз Республикасы мүчөсү болгонэл аралык макулдашуулардын, келишимдердин, конвенциялардын аткарылышынкамсыз кылат; - ањчылык ресурстарынын абалы жана аларды пайдалануу жөнүндө маа-лыматтардын мамлекеттик базасын жүргүзөт, ушул маалыматтарды талдайт,маалымдамаларды даярдоону ишке ашырат; - жаратылыш жөнүндө билимдерди пропагандалайт жана таратат, ањчы-лык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, республиканы туруктуу өнүктүрүүмаселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семи-нарларды өткөрөт; - ањчылыктын салттуу жана улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, кыргыз тай-ганын кайра жаратуу боюнча иштерди, ошондой эле таксидермалык иш жүргү-зөт; - Мамагенттикке эл аралык уюмдар жана жана чет өлкөлөр менен ањчы-лык ресурстарын жана жерлерин сактоого багытталган макулдашууларды жанакелишимдерди түзүү боюнча сунуштарды киргизет. IV. Департаменттин укуктары жана милдеттери 11. Департамент өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерге ылайык төмөнкүлөргөукуктуу: - Департаменттин ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча юриди-калык жана жеке жактардан түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароого,ошондой эле алар боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга; - жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, алардын байырлоо чөйрөлөрүн,көбөйүү шарттарын жана миграция жолдорун, ошондой эле бак-бадал жанаөсүмдүктөр дүйнөсүнүн өзгөчө корголуучу түрлөрүн, анын ичинде, суулар-дын жээктериндеги жана башка көлмөлөрдүн жээктериндеги түрлөрүн коргоо-ну уюштурууга жана жүргүзүүгө; - бекитилген ањчылык жерлеринде жапайы жаныбарларды кармоого (кар-мап, атып алууга); - ањчылыкты көзөмөлдөө постторунун ишмердигин координациялоого,алардын иштерин уюштурууга жана жүргүзүүгө катышууга; - ањчылыктын, ањчылык продукциясын пайдалануунун эрежелерин, мөө-нөттөрүн жана ыкмаларын бузуу фактыларын жана ањчылык фондуна зыян кел-тирүүчү башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоого, бөгөт коюуга жана алдыналууга; - ањчылык ресурстарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн коргоо, кө-бөйтүү жана пайдалануу, ањчылык чарба жүргүзүү жаатында ишмердик жүр-гүзгөн юридикалык (менчигинин түрүнө жана кимге караштуулугуна карабас-тан) жактарды жана жеке адамдарды текшерүүгө; - уруксат берүү документтерин, ањчылык продукцияларын жана аларданжасалган буюмдарды кампаларда, даярдоо пункттарында, базарларда, ањчы-лык бригадаларын жана жеке мергенчилерди жеринде (мыйзамдуулугун) тек-шерүүгө; - белгиленген тартипте транспорт каражаттарын, буюмдарды, кол жү-гүн, жүктү, ањчылык жана кармоо куралдарын, кармалган продукциялардыжана текшерилген адамдардагы башка предметтерди текшерүүгө; - белгиленген тартипте жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жанаалардын байырлоо чөйрөлөрүн коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындаколдонулуудагы мыйзамдарды бузуу фактылары, ањчылык чарбасын жүргүзүү,ањчылыктын эрежелерин, нормаларын жана мөөнөттөрүн сактоо боюнча прото-колдорду (актыларды) түзүүгө; - мыйзамсыз кармалган же сатып алынган ањчылык продукцияларын ањ-чылык эрежелерин бузуучулардан тартып алууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мый-замсыз ањчылык кылуу куралдарын (курал, капкан, тор ж.б.), ошол мезгил-де пайдаланылган автотранспорт жана башка жүрүү каражаттарын кармаптоктотууга жана соттун чечими боюнча аларды алып коюуга; - өз алдынча жана Мамагенттиктин жетекчилигинин тапшыруусу боюнчасот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга; - ањчылык ресурстарын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн башка объекттеринжана алардын байырлоо чөйрөсүн коргоо, көбөйтүү жана пайдалануу тарма-гында ањчылык чарбасын жүргүзгөн юридикалык жактардан жана жеке адам-дардан (анын ичинде, чет өлкөлүк) маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, башкадокументтерди жана материалдарды, ошондой эле тиешелүү отчетторду (аныничинде, 2-ТП-ањчылык формасы боюнча статистикалык ж.б.) суроого жанаалууга; - Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жалпыгамаалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен өз арааракеттенүүгө; - Мамагенттиктин жетекчилигине Департаменттин тутумунун өзгөчөлөн-гөн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, Ма-магенттиктин сыйлыктарына, X, XX, XXX, ХХХХ жана андан ашык жыл иште-гендиги үчүн белгиленген үлгүдөгү жана "Курчап турган чөйрөнү коргоонунайырмалануучусу" төш белгилери менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө өтүнүчкат менен кайрылууга; - Департаменттин кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү-гө, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ањчылыкресурстарын жана алардын байырлоо чөйрөлөрүн пайдалануу жаатында адми-нистрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, күнөөлүүадамдарга жазапулдарды салууга жана башка администрациялык жазалоо ча-раларын керүүгө, зарыл учурда күнөөлүү адамдарды белгиленген жоопкерчи-ликке тартуу үчүн материалдарды укук коргоо жана сот органдарына өткө-рүп берүүгө; - айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, ањчылык ресурстарын жана алардынбайырлоо чөйрөлөрүн пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды бузуунун натыйжасын-да жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө юри-дикалык жактарга жана жеке адамдарга доо коюуга, өндүрүлгөн суммалардыатайын эсептерге чегертүүгө; - юридикалык жактардын жана жеке адамдардан кармалган, тартыпалынган же конфискацияланган, мыйзамсыз кармалган объекттерди же жаны-барлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн продукцияларын, ошондой эле аларданжасалган буюмдарды сактоо жана сатуу үчүн белгиленген тартипте кабылалууга; - жаратылышты коргоо милдеттерин чечүү жана ањчылык ресурстарынизилдөө, коргоо, сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнчачараларды иштеп чыгуу үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка ке-њештерди, топторду жана комиссияларды түзүүгө; - өзү тейлеген тармакта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыр-гыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, ведомстволук караш-туу институттарды, жогорку окуу жайларын жана башка кызыкдар адамдардытартууга; - жаратылышты коргоо жана ањчылыкка көзөмөлдүк кылуу боюнча иштер-ге жарандарды тартууга; - көмөкчү чарбалардын, адистештирилген көчөт өстүрүү жайларынынжана жапайы куштарды өстүрүүчү базалардын тармагын түзүүгө жана өнүктү-рүүгө; - ањчылык шаймандары боюнча өкүлчүлүктөрдү, таксидермалык устака-наларды жана адистештирилген дүкөндөрдү жана ањчылардын клубдарын тү-зүүгө. 12. Департамент Мамагенттикке төмөнкүдөй сунуштарды киргизет: - пайдалануучуларга бекитилип берилген ањчылык жерлерин пайдала-нуудан алып коюу маселелери боюнча сунуштарды киргизүү жана документ-терди тариздөө жөнүндө. 13. Департаменттин тутумунун кызматкерлери белгиленген үлгүдөгүайырмалаган белгиси бар атайын кийимдерди кийүүгө, Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында белгиленген тартипте табелдик куралдарды жана атайынкаражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары ж.б.) сактоого, алып жү-рүүгө, кийүүгө жана пайдаланууга укуктуу. 14. Департамент Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыла-ры менен аныкталган укуктарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекет-тик агенттиги жөнүндө Жобону пайдаланууга укуктуу. 15. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргөмилдеттүү: - өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого такылайыкта жүргүзүүгө; - ањчылык ресурстарын сактоону, көбөйтүүнү, ањчылык чарбасын са-рамжалдуу жүргүзүүнү камсыздоого көмөктөшүүгө; - Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талапта-рынын катуу сакталышына жетишүүгө; - калкка, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарына ањчылык ресурстарынын жана алардын байырлоо чөйрөсүнүн аба-лы туурасында өз убагында жана ишенимдүү маалымат берүүгө. V. Департаменттин ишин уюштуруу 16. Департаментти Мамагенттиктин директорунун сунуштоосу боюнчаКыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучужана кызматынан бошотулуучу директор башкарат. 17. Директордун орун басары, Департаменттин аппаратынын бөлүм баш-чылары, өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери Департаменттин директорунун сунушубоюнча Мамагенттиктин директору тарабынан кызматка дайындалат жана бо-шотулат. 18. Департаменттин ишине Мамагенттик көзөмөлдүк кылат. 19. Департаменттин директору: - Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин башкаратжана координациялайт; - Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын толукжана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көр-сөтмөлөрдү берет; - Департаменттин өкүлчүлүктөрүнүн ањчылык чарба ишине өндүрүштүктапшырмаларды бекитет; - Департаменттин Техникалык кењешинин отурумун өткөрөт; - Департаменттин өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет; - директордун орун басарынын жана Департаменттин өкүлчүлүктөрүнүнжетекчилеринин милдеттерин бөлүштүрөт; - Мамагенттикке Департаменттин түзүмүнүн санынын, эмгек акы төлөөфондунун негизинде чыгымдардын эсеп-кысабын жана штаттык тизимин беки-түүгө берет; - Департаменттин өкүлчүлүктөрүнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарынынбузулганы туурасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршыкелген актыларын, протоколдорун жокко чыгарат; - Департаменттин мамлекеттик кызматчыларын "Мамлекеттик кызмат жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, башка кызматкерлердиКыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке алат жана иштен бо-шотот; - Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана баш-ка сыйлыктар менен сыйлоого талапкерлердин тизмесин Мамагенттикке бе-рет; - Департаменттин жетекчилерине, адистерине жана башка кызматкерле-рине өз компетенциясынын чектеринде тартипке чакыруу жазаларын колдо-нот; - сотто жана башка мамлекеттик органдарда, мекемелерде Департамен-ттин кызыкчылыгын коргойт; - Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу мак-сатында аларды окутууну жана кайра даярдоону уюштурат; - Департаменттин жана анын өкүлчүлүктөрүнүн кызматерлерине социал-дык колдоо көрсөтүүгө, алардын эмгек жана турмуш шартын жакшыртууга кө-мөктөшөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка ыйгарымукуктарды ишке ашырат. 20. Департаменттин директору жок учурда анын милдетин орун басарыаткарат. 21. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бардык кыз-маткерлерине бекитилген үлгүдөгү формалык кийим берилет, табелдик мыл-тыкты жана атайын каражаттарды белгиленген мыйзамдын чегинде сактоого,алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет. 22. Департаментте ањчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү тармагындаэњ маанилүү маселелерди кароо жана чечүү үчүн 7 кишиден турган Техника-лык кењеш түзүлөт, анын курамына Департаменттин директору (Техникалыккењештин төрагасы), анын орун басары, Департаменттин, анын өкүлчүлүктө-рүнүн башка жетекчи кызматкерлери жана окумуштуулар кирет. Департамент-тин Техникалык кењешинин мүчөлөрү Мамагенттиктин директорунун буйругуменен бекитилет. 23. Департаментте анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди че-чүү, аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана проблемаларды артараптуу терењ талкуулоону камсыздоо үчүн башка Кењештер (кинологиялык,илимий-техникалык, редакциялык-басма ж.б.) түзүлүшү мүмкүн. Кењештердинжекече курамдарын, ошондой эле алар жөнүндөгү жоболорду Департаменттиндиректору бекитет. VI. Эсеп жана отчеттуулук 24. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте бухгалтердик, статистикалык эсеп жүргүзөт жана отчет берет. 25. Департамент квартал сайын Департаменттин жана анын өкүлчүлүк-төрүнүн.негизги жана финансылык иштери жөнүндө отчетторун Мамагенттиккеберет. VII. Департаменттин иш-аракеттерин токтотуу 26. Департаменттин иш-аракеттерин токтотуу кайра түзүү жана жоюуаркылуу ашырылат. 27. Департаментти кайра түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык ишке ашырылат. 28. Департаменттин иш-аракети тиешелүү жазуу юридикалык жактардынмамлекеттик реестрине түшүрүлгөндөн тарта токтоду деп эсептелет. 29. Департаменттин иш процессинде түзүлгөн документтер "КыргызРеспубликасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ылайык сакталат.