КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 29-апрели № 191 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ту-уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуубоюнча) бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-далсын. 4. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ту-уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 595 токтомуна ылайыкжиберилген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын. 5. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ту-уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 595 токтому күчүн жо-готту деп табылсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-статья. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-домосттору, 1997-жыл, № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилсин: 1. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл болгон курак жана стаж 1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка тол-гон аялдар укуктуу. Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептиккамсыздандыруу стажы эркектер үчүн - 25 жылды, аялдар үчүн - 20 жылдытүзөт. Толук эсептик камсыздандыруу стажы жок адамдарга пенсия ушул Мый-замдын 10-статьясына ылайык дайындалат. 2. Курагы боюнча пенсияга акыркы иштеген ордуна карабастан, жењил-дик берүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу: а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жанаөзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштар-дын, кесиптердин, кызматтардын жана жер алдындагы жумуштарга, ишижењилдетилген шарттарда курагы (карылыгы боюнча) боюнча пенсияга чыгуу-га укук берүүчү эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгонжумуштарга көрсөткүчтөрдүн № 1 Тизмеси боюнча (мындан ары - № 1 Тизме): 53 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 20жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминдежарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген эркектер; 48 жашка толгон жана иштөөнүн жалпы камсыздандыруу стажы 15 жыл,анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымынкөрсөтүлгөн жумуштарда иштеген аялдар. № 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынын тењиненаз иш стажы болгондо ушул статьянын 1-пунктунда каралган жаш курагыкөрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат. № 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөө социалдык камсызданды-руу каражаттарынын эсебинен Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынанжүргүзүлөт; б) эмгек шарттары зыяндуу жана оор болгон башка жумуштарда толукжумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бе-китилүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жанажер алдындагы жумуштарга, иши жењилдетилген шарттарда курагы (карылыгыбоюнча) боюнча пенсияга чыгууга укук берүүчү эмгек шарттары өзгөчө зы-яндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарга көрсөткүчтөрдүн № 2 Тизмеси(мындан ары - № 2 Тизме) боюнча: 58 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 25жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминдежарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген эркектер; 53 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 20жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминдежарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген аялдар; станоктордо жана машиналарда иштеген текстиль өндүрүштөрүнүн аялкызматкерлери - 53 жашка толгондо жана көрсөтүлгөн жумуштардагы камсыз-дандыруу стажы кеминде 20 жыл болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмеси боюнча. № 2 Тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлеринепенсия дайындоо жана төлөө жумуш берүүчү тарабынан жењилдик берүүчүстаждын көпчүлүк бөлүгүн иштеген жери боюнча жана ушул статьянын1-пунктуна ылайык кызматкер пенсиялык куракка толгонго чейин жумушберүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда № 2 Тизме боюнча зарылболгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аялкызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттаркапиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Социалдык фонддун ор-гандары тарабынан жүргүзүлөт. 3. Калк көчүрүлгөн зонанын чектеринде Чернобыль АЭСиндеги кыйроо-нун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан (анын ичинде убактылуужиберилген же иш сапарына жиберилген) же ушул мезгилде Чернобыль АЭСиништетүүдө же башка жумуштарда иштеген адамдар, ошондой эле жайгаштырыл-ган жерине жана аткарган ишине карабастан, ошол мезгилде атайын жыйын-дарга чакырылган жана көрсөтүлгөн кыйроонун кесепеттерин жоюуга байла-ныштуу жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскергемилдеттүүлөр, ошондой эле калк көчүрүлгөн зонада кызмат өтөгөн ички иш-тер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башкаруучу жанакатардагы курамынын адамдары: а) 1986-1987-жылдардын катышуучулары: 53 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 20 жыл болгон эркектер; 48 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 15 жыл болгон аялдар; б) 1988-1989-жылдардын катышуучулары: 58 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 25 жыл болгон эркектер; 53 жашка толгон жана калк көчүрүлгөн зонадагы ишинин узактыгынакарабастан, камсыздандыруу стажы 20 жыл болгон аялдар курагы боюнчапенсия алууга укуктуу. 4. Гипофиздик нанизм (лилипуттар) дартына чалдыккан адамдарга жанадиспропорциялуу эргежээлдерге курагы боюнча пенсия: 45 жашка толгон жана 20 жыл камсыздандыруу стажы болгон эркектер-ге; 40 жашка толгон жана 15 жыл камсыздандыруу стажы болгон аялдаргабелгиленет. 5. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдарга (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилүүчү Бийик тоолуу шарт-тарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесине ылайык) курагы боюнчапенсия төмөнкү учурда белгиленет: а) 55 жашка толгон эркектерге, 50 жашка толгон аялдарга, эгердеалар бийик тоолуу шарттарда кеминде 20 календардык жыл иштесе жана жал-пы камсыздандыруу стажы тиешелүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо; б) үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейинтарбиялаган аялдарга 45 жашка толгондо жана 20 жыл камсыздандыруу стажыболгондо, эгерде алар бийик тоолуу шарттарда кеминде 15 календардык жылиштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белги-ленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына бай-ланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 6. Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адам-дарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилүүчүАлыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын тиз-месине ылайык) курагы боюнча пенсия 60 жашка толгон эркектерге, 55 жаш-ка толгон аялдарга белгиленет, эгерде алар алыскы жана барууга кынынаймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белги-ленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына бай-ланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 7. Беш жана андан көп бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейинтарбиялаган аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу стажыболгондо курагы боюнча пенсия алууга укуктуу. Тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялаганаялдар 53 жашка толгондо жана камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондо ку-рагы боюнча пенсия алууга укуктуу. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белги-ленген курагына чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына байланыштуучыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. 8. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюу-га, штаттын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байла-ныштуу бошотулуучу кызматкерлер: камсыздандыруу стажы 25 жыл болгондо - бошотулган күнүнө карата 61жашка толгон эркектер; камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондо - бошотулган күнүнө карата 56жашка толгон аялдар пенсия алууга укуктуу. Бул пенсияларды дайындоо пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген кура-гына чейин пенсия төлөөгө жумуш берүүчү тарабынан Социалдык фондго ка-ражаттар чегерилген шартта жүргүзүлөт.". 2. Төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 статья менен толукталсын: "9-1 статья. Курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия 1. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кы-лынган стажы 15 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар: курагыбоюнча пенсияга эркектер 60 жаштан, аялдар 55 жаштан укуктуу. Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажы 10 жылдан ашкан камсыздан-дыруу стажы бар адамдар, алардын ичинен жарымынан кем эмеси 9-статьянын2-пунктунун а) пунктчасында, 3-пунктунун а) пунктчасында каралганжењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга эркектер 50жаштан, аялдар 45 жаштан укуктуу. Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажы 10 жылдан ашкан камсыздан-дыруу стажы бар адамдар, алардын ичинен жарымынан кем эмеси 9-статьянын2-пунктунун б) пунктчасында, 3-пунктунун б) пунктчасында жана 7-пункттакаралган жењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга эр-кектер 55 жаштан, аялдар 50 жаштан укуктуу. 2. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кы-лынган стажы 10 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар курагыбоюнча пенсияга укуктуу, бирок жалпы белгиленген пенсияга чыгуу курагы-на жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес. Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажы 5 жылдан ашкан камсыздан-дыруу стажы бар адамдар, алардын ичинен жарымынан кем эмеси 9-статьянын2, 3 жана 7-пункттарында каралган жењилдетилген шарттарда болсомөөнөтүнөн мурда пенсияга укуктуу, бирок жењилдетилген шарттарда пенси-яга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес. Бул пунктта каралган курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия ушулМыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте пенсиянын өлчөмүнүн пен-сияга укук берген куракка жеткенге чейин жетпеген ар бир ай үчүн 1,5пайызга азайтуу менен тиешелүү негиздер боюнча эсептелет. Пенсияларды дайындалган өлчөмдөрдө төлөп берүү тийиштүү негиздербоюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнчакаралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде пенсиялардын өлчөмү ушул Мый-замдын 22-статьясына ылайык мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумматолук тындырылганга чейин пенсиянын өлчөмү азайтылуу менен кайра кара-лат. Сумманы жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан анык-талат.". 3. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиялар 1. Эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсиягатөмөнкүлөр укуктуу: а) учуу жана учуу-сыноо курамынын ушул кызматтарда иштөө узактыгытөмөнкүдөй кызматкерлер: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Учуу, учуу-сы-ноо, инженердик-техникалык курамын кызматкерлеринин жана жумушу иштегенжылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү аба кыймылын башкаруучукызматкерлердин кызматтарынын тизмесине жана Учуу, учуу сыноо курамынынкызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүнэсептөө тартибине ылайык кеминде 25 жыл иштеген эркектер, кеминде 20жыл иштеген аялдар; б) аба кыймылын башкарууну жүзөгө ашыруучу жана диспетчердинкүбөлүгү бар кызматкерлер: 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын ичиндекамсыздандыруу стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учууларын тике-лей башкаруу боюнча болгон эркектер; 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын ичиндекамсыздандыруу стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учуусун тикелейбашкаруу боюнча болгон аялдар; в) жарандык авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкер-лери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Учуу,учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамын кызматкерлеринин жана жумушуиштеген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү аба кыймылын башка-руучу кызматкерлердин кызматтарынын тизмесине жана Учуу, учуу сыноо ку-рамынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынынмөөнөтүн эсептөө тартибине ылайык: 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын кеминде20 жылы көрсөтүлгөн кызматтарда болгон эркектер; 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын кеминде15 жылы көрсөтүлгөн кызматтарда болгон аялдар; г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Театрлардынжана башка театралдык-оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын эмгек-тин өзгөчө шарты үчүн пенсияга чыгууга укуктуу артисттеринин айрым ка-тегорияларынын тизмесине ылайык театрлардын жана башка театрал-дык-оюн-зоок ишканалары менен жамааттардын пенсия алууга укук бергенчыгармачыл иште 20 жыл стажы бар артисттери. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда саналган кызматкерлерге пенсиялардыдайындоо жана төлөө жалпы белгиленген пенсияга чыгуу курагына чыккангачейин иш берүүчү тарабынан иштеп берген жењилдик стажына пропорцианал-дуу түрдө иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мыйзамдарга ылайык ишканалар жоюлган, кайра түзүлгөн учурларда эм-гектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу адамдарга пенсия төлөө Со-циалдык фонддун органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жүргүзүлөт.". 4. Төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-абзац менен толукталсын "12-1 статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсия 1. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоо үчүн талап кылын-ган стажы 10 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар алардын ичи-нен кеминде жарымынан көбү 12-статьянын б) жана в) пункттарында карал-ган жењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга эркектер55 жаштан, аялдар 50 жаштан укуктуу. 2. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоодо талап кылынганстажы 5 жылдан ашкан камсыздандыруу стажы бар адамдар, алардын ичиненкеминде жарымынан көбү 12-статьянын б) жана в) пункттарында каралганжењилдетилген шарттарда болсо, мөөнөтүнөн мурда пенсияга укуктуу, бирокжењилдетилген шарттарда пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жыл-дан эрте эмес. Ушул пунктта каралган эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөнмурда пенсия ушул Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте ти-йиштүү негиздер боюнча пенсияга укук берген куракка чыкканга чейин жет-пеген ар бир ай үчүн 1,5 пайызга пенсиясынын өлчөмү азайтылып эсепте-лет. Пенсияларды дайындалган өлчөмдө төлөө тийиштүү негиздер боюнча ка-ралган пенсияга чыгуу курагына чыкканга чейин жүзөгө ашырылат. Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнчакаралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде пенсиялардын өлчөмү ушул Мый-замдын 22-статьясына ылайык мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумматолук жоюлганга чейин пенсиянын өлчөмү азайтылып кайра каралат. Сумманыжоюунун тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнчакөзөмөлдөөчү кењештин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-бынан аныкталат. 3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында саналган кызматкерлергепенсияларды дайындоо жана төлөп берүү иштеп берген жењилдик стажынапропорцианалдуу түрдө иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашы-рылат.". 5. 33-1-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи аб-зац менен толукталсын: "2006-2007-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн 2008-жылы". 2-статья. Бул Мыйзам ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 2 жана 4-пункттарын кошпо-гондо кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзамдын 1-статьясы-нын 2 жана 4-пункттары 2008-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик актыларын ушулМыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти