Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-майы № 200 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы №34 токтомунун редакциясына ылайык)
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,
чет өлкелүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республи-
касынын аймагында болуусун тартипке салуу максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө тиркелген жобо беки-
тилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары
өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы №34 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр И.Чудинов