Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 106 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

                                        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                            2008-жылдын 1-майындагы                                              № 201 токтому менен                                                  бекитилген                 Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө              Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экенин              ырастоочу кошумча баракты тариздөөнүн жана                       берүүнүн тартиби жөнүндө                                 ЖОБО                            I. Жалпы жоболор      1. Бул Жобо Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган макулдашууга ыла-йык иштелип чыккан.     2. Жобо баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө Кыргыз Республика-сынын жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча баракты (мындан ары -  ко-шумча барак) тариздөөнүн жана берүүнүн тартибин аныктайт.     3. Кошумча барак Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек  жаран-дарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө берилет жана ал адамды ата-эне-си же мыйзамдуу өкүлү милдеттүү түрдө коштоп  жүргөн  шартта  ӨзбекстанРеспубликасына  кирүүгө,  чыгууга,  транзит  өтүүгө  жана  болууга укукберүүчү документ болот.     4. Кошумча баракты алуу,  тариздөө жана Кыргыз Республикасынын жа-рандарына берүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:     - Кыргыз  Республикасынын  аймагында - Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлигинин  Паспорттук  жана  визалык  контроль  департаменти(мындан ары - ИИМдин ПВКД) же анын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан;     - Кыргыз Республикасынан сыртта - Кыргыз Республикасынын Тышкы иш-тер  министрлигинин  (мындан  ары - ТИМ) чет мамлекеттердеги мекемелеритарабынан.     5. Туулгандыгы тууралуу күбөлүксүз кошумча барак жараксыз.                     II. Кошумча барактагы жазуулар      6. Кошумча барак Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма  бо-юнча,  коргоо  элементтери  бар атайын кагаздан жасалат жана 8 барактантурат.     7. Кошумча  барак мамлекеттик жана расмий тилдерде толтурулат жанатөмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:     - аты-жөнү;     - туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы жана номери;     - берген органдын аталышы;     - берилген күнү.     Ошондой эле  коштоп жүргөн адамдын (коштоп жүргөн адамдардын) так-тоочу маалыматтары киргизилет:     - аты-жөнү;     - туулган күнү;     - паспортунун номери;     - паспорт ким тарабынан берилген.     Кошумча баракка  ушул Жободо каралбаган маалыматтарды жазууга тыюусалынат.     8. Кошумча баракка ак-кара түстөгү,  өлчөмү 35x45 мм фотографиялыккарточка чапталат, мөөр жана документти берген кызмат адамынын колу ко-юлат.                  III. Кошумча баракты алуунун тартиби      9. Кошумча барак алуу үчүн баланын ата-энеси же Кыргыз Республика-сынын аймагында жашаган мыйзамдуу өкүлдөрү ИИМдин ПВКДге же жашаган же-ри боюнча анын аймактык бөлүнүштөрүнө төмөнкүдөй документтерди тапшырууменен кайрылышат:     - эркин формада жазылып,  ата-энелеринин бири же  мыйзамдуу  өкүлүкол койгон арыз;     - туулганы тууралуу күбөлүк (ээсине кайра берилет);     - ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспортунун копиясы;     - 35x45 мм өлчөмдөгү фото;     - ата-энелеринин  же  мыйзамдуу  өкүлдөрүнүн баланы коштоп жүрүүгөукугуна макулдугунун нотариуста күбөлөндүрүлгөн копиясы.     Баланын республикадан   сыртта   жашаган  ата-энеси  же  мыйзамдууөкүлдөрү кошумча баракты алуу үчүн ТИМдин чет мамлекеттеги мекемелеринекайрылышат.     10. Кошумча  баракты  алууга   арыз   ушул   Жобонун   9-пунктундакөрсөтүлгөн керектүү документтердин баары тапшырылгандан кийин гана ка-роого алынат.     11. Кошумча  барак 6 ай мөөнөткө таризделет жана документтер кабылалынгандан кийин 3 иш күндүн ичинде берилет.             IV. Кошумча барактын бланктарын эсепке алуунун,                  сактоонун жана жок кылуунун тартиби      12. Кошумча  барактын бланктары арыздарды каттоо журналында эсепкеалынат.  Кошумча барактын бланктарынын сарпталыш эсеби да ушул эле жур-нал боюнча жүргүзүлөт.  Эсепке алуу журналдары көктөлүп,  номер коюлуп,мөөр жана сактоо үчүн жооптуу адамдардын колу менен ырасталууга  тийиш.Журналдар даана, оњдобостон толтурулат.     13. Кошумча барактын бланктары ашык экени, кем чыкканы же бузулга-ны  аныкталган учурда ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн орган 2 нус-када акты түзөт (актынын 1-нускасы ИИМдин ПВКДге  жиберилет,  2-нускасыжиберүүчүдө калат).     14. Кошумча барактын бланктары катуу отчеттуулуктагы  бланк  болупэсептелет.     Кошумча барактын  бланктары  атайын  жабдылган  жайларда  күйбөөчүөзүнчө  сейфтерде же күйбөөчү шкафтарда сакталат,  алар мөөр коюп беки-тилүүгө тийиш.     15. Кошумча  барак  алууга  материалдар  номенклатуралык делолорготиркелет.  Номенклатуралык делолор алардын сакталышы камсыздалуучу жай-ларда 1 жыл бою сакталат.     16. Кошумча барактын жана арыздын бланктары,  ушул Жободо каралганжурналдар ИИМдин ПВКД жана ТИМ тарабынан камсыздалат.     17. Жараксыз,  пайдаланылбаган,  ошондой эле алмаштырылууга  тийишболгон кошумча барактын бланктары ИИМдин ПВКД жана ТИМ тарабынан өрттөөже кесүү жолу менен жок кылынат.