Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-майы № 219 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Граждандык кодексинин 233-6, 384-статьяла-рына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын
Жер кодексинин 4, 5, 20жана 32-статьяларына ылайык, курулуш материалдарын өнөржайлык чыгаруунуөнүктүрүүгө тике инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-миссия менен макулдашылган, жалпы аянты 2,70 га жер участогун, аныничинен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 1,88 га сугат ай-доосун жана Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаров айылдык кењеши-нин 0,82 га жайытын курулуп жаткан цемент заводунун инфраструктурасынөнүктүрүү үчүн "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилигичектелген коомуна ижара келишими шартында 49 жылдык мөөнөт менен убак-тылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66
токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Түштүк ку-рулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн; "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген ко-омунун жер участокторго жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2(эки) коэффициентти колдонуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-йык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаровайыл өкмөтүнүн башчысы менен ижара келишимин түзүүсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр И.Чудинов