Сравнение редакций…
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Координациялык борбордун иш милдеттери жана укуктары
6. Координациялык борбордун иш милдеттери:
- стратегиялык башкаруу маселесине тийиштүү Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн актыларынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- стратегиялык документтердин долбоорлорунун стратегиялык башкару-
унун заманбап принциптерге ылайык келүүсүн кароо;
- стратегиялык башкаруу боюнча маселелерди бардык кызыкдар орган-
дар менен макулдашууну камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык башкаруу боюнча
актыларынын каралган долбоорлору, ошондой эле өнүктүрүү боюнча страте-
гиялык документтердин долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө корутундуларды жана сунуштарды даярдоо;
- стратегиялык башкаруу жагында аткаруу бийлигинин органдарынын
иштерин координациялоо;
- стратегиялык документтерди ишке ашырууну колдоо үчүн администра-
циялык реформа процесстерин координациялоо;
- стратегиялык башкарууну өркүндөтүү боюнча пландарды иштеп чыгуу. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Координациялык борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
- стратегиялык документтерди жана долбоорлорду Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароого жана бекитүүгө жи-
берүүгө;
- стратегиялык башкарууну андан ары өркүндөтүү боюнча тийиштүү ре-
комендацияларды жана сунуштарды кабыл алууга жана Кыргыз Республикасы-
нын аткаруу бийлигинин органдарына киргизүүгө;
- аткаруу бийлигинин органдарынан стратегиялык башкаруу маселесине
тиешелүү маалыматтарды сурап алууга;
- жарандык коомдун, жеке сектордун, донор уюмдардын өкүлдөрүн жана
көз карандысыз эксперттерди Координациялык борбордун жыйынына чакырууга
жана алардын стратегиялык башкаруу маселеси боюнча ойлорун жана сунуш-
тарын угууга.
Координациялык борбор анын төрагасынын сунушу боюнча зарыл болсо
Координациялык борбордун компетенциясына тиешелүү айрым маселелерди ка-
роо үчүн эксперттик комиссияларды жана жумушчу топторду түзөт, минист-
рликтердин жана ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик
органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык коомдун, жеке сектордун,
донор уюмдардын өкүлдөрүн жана көз каранды эмес эксперттерди ишке тар-
тууга укуктуу.
Координациялык борбордун чечимдери жыйындын протоколу түрүндө та-
ризделет.
IV. Координациялык борбордун курамы,
иш регламенти жана түзүмү
8. Координациялык борбордун төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын
экономикалык өнүктүрүү жана соода министри эсептелет.
9. Координациялык борбордун мүчөлөрү заседаниелерге өздөрү катышы-
шат. Координациялык борбордун мүчөлөрү себептүү жагдайлар боюнча болбо-
гон учурда, аларды статс-катчынын же жетекчинин орун басарынын рангынан
төмөн болбогон кызмат адамдары алмаштыра алышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 526 токтомунун редак-
циясына ылайык)
10. Координациялык борбордун иш планы анын жыйындарында бекитилет.
Күн тартибин төрага аныктайт. Координациялык борбордун жыйындары зарыл-
дыгына жараша, бирок айына бирден кем эмес өткөрүлөт.
10-1. Координациялык борбордун заседаниелеринде стратегиялык доку-
менттердин долбоорлорун кароо документти киргизген органдын жетекчиси-
нин катышуусунда гана жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 526 токтомунун редак-
циясына ылайык)
11. Координациялык борбордун ишин анын секретариаты камсыз кылат,
анын иш милдетин Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана со-
ода министрлиги ишке ашырат.
12. Координациялык борбордун секретариатынын иш милдеттери:
- уюштуруу жана аналитикалык ишти камсыз кылуу;
- максаттуу багыттарды иштеп чыгуу;
- керектүү стратегиялык документтердин тизмесин аныктоо;
- стратегиялык документтерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү ыкманы
киргизүү;
- бардык стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессин коорди-
нациялоо;
- стратегиялык документтерди ишке ашырууга мониторинг жана баалоо
жүргүзүү;
- бардык стратегиялык документтер боюнча маалымат базасын түзүү
жана коштоо;
- стратегиялык документтерди ишке ашыруунун жыйынтыктуулук жана
натыйжалуулук критерийлерин иштеп чыгуу;
- аткаруу бийлиги органдарынын адистерине стратегиялык башкаруу
жагында окууларды уюштуруу;
- кызыкдар жактар үчүн стратегиялык башкаруунун ыкмалары жана
жол-жоболору жөнүндө маалыматты берүү;
- жеке сектордун, жарандык коомдун жана донор уюмдардын өкүлдөрү
менен керектүү маселелерди талкуулоо үчүн коомдук аянтчаны камсыз кы-
луу.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №159 токтомуна ылайык күчүн жоготту)