Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата ПРОГРАММАСЫ Киришүү Кыргыз Республикасы балык чарбасы жана балык кармоо үчүн чоњ по-тенциалга ээ. Бирок кийинки жылдарда өлкөнүн балык чарбасында анын ургаалдууөнүгүшүнө терс таасир тийгизген шарттар түзүлдү. Бул Программа балык тармагын узак мөөнөттүү мезгилге каратаөнүктүрүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүүнүн негизги ба-гыттарын аныктайт. Программада балык чарбалык көлмөлөрдү жана балык ресурстарын на-тыйжалуу пайдалануу жагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылык-тарын ишке ашыруунун максаттары, маселелери, багыттары жана жолдоруаныкталган. Программанын базалык негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы,Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентининжарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйрукта-ры, башка нормативдик укуктук актылар, ошондой эле эл аралык укуктунжалпы таанылган принциптери жана нормалары түзүшөт. 1. Кыргыз Республикасынын балык чарбасынын азыркы абалы жана анын мамлекеттин экономикасындагы ролу Кыргыз Республикасынын балык чарбасы балык тармагында сырьелук ба-заны божомолдоодон тартып өлкөдө балык соодасын уюштурууга чейинки ма-териалдык өндүрүштүн жана өндүрүштүк эмес чөйрөнүн иштеринин кењиричөйрөсүн камтыган экономиканын сектору болуп эсептелет. Балык чарбасынын сырелук базасында балык кармоонун мезгилдүүлүгү-нө, табигый көлмөлөрдө жемдин салыштырмалуу аздыгына, суудагы биоресур-стардын убакыттагы жана мейкиндиктеги кыймылдуулугуна, балык запастарынбожомолдоонун жана аларды көбөйүшүнө зыян кылбастан алуунун сарамжалдуукөлөмүн аныктоонун кыйындыгына байланышкан бир катар мүнөздүү өзгөчө-лүктөр бар. Азыркы учурда балык ресурстарын изилдөө, алуу, сактоо жанакөбөйтүү тийиштүү түрдө камсыздалбай жатат. Мындай абал өлкөнүн ичинде-ги экономикалык себептер менен да, балык өстүрүү объекттерин өнүктүрүүбоюнча максатка багытталган инвестициялык саясаттын жоктугу менен дашартталган. Өлкөнүн калкын иш менен камсыздоонун абдан маанилүү факторлорунунбири болгон садокто жана фермердик балык өстүрүү тийиштүү өнүккөн жок. Кийинки он жылда балык чарбасында иштеген балык өстүрүүчү адистер-дин саны кескин кыскарды. Балык запастарын жана алар жашаган чөйрөнү коруу системасы анданары өркүндөтүүгө абдан муктаж, анткени балыктын айрыкча өзгөчө баалуужана корулуучу түрлөрүн мыйзамсыз кармоонун масштабы орчундуу көбөйдү. Каралып жаткан мезгилде балык чарбасынын иштеши үчүн майнаптуунормативдик укуктук база түзүлбөдү, балык чарба субъекттеринин иштериныкчам координациялоо жана балык чарба комплексин башкаруу системасынөркүндөтүү камсыздалбады. Бул Программада өлкөнүн балык чарбасындагы кризистен чыгууга жанабалык тармагын натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталганудаалаш жана иштиктүү чараларды көрүү белгиленди. 2. Кыргыз Республикасынын балык чарбасынын азыркы этаптагы негизги проблемалары Өлкөнүн балык чарбасынын азыркы абалына талдоо анын натыйжалууөнүгүшүнө тоскоол болгон негизги проблемаларды аныктоого мүмкүндүк бе-рет, алар: - Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттикбашкарууда концепциялык мамиленин жоктугу; - балык ресурстарын туруктуу жана узак мөөнөттүү башкаруунун балыктармагынын натыйжалуу иштешин жана өнүгүүсүн камсыздоочу зарыл норма-тивдик укуктук базасынын жоктугу; - балыкты мыйзамсыз кармоо масштабдарынын өсүшү; - көлмөдө жана көлдө товардык балык өстүрүүдө суудагы биологиялыкпотенциалдын кескин азайышы; - балык өстүрүүчү, уулоочу жана балык ресурстарды коргоочу жанаизилдөөчү негизги каражаттардын физикалык эскирүү жана моралдык жактанартта калуу дењгээлинин жогорулугу; - балык өстүрүү жабдууларынын, балык өстүрүү материалдарынын жанакаражаттарынын өнүккөн рыногу, балык товарлардын рыногу жана натыйжалууинфраструктурасы жоктугу; - чет өлкөлүк инвесторлорду жана балык өстүрүү жабдууларын жанабалыкты көбөйтүүнүн натыйжалуу технологияларын берүүчүлөрдү тартуу бо-юнча бажы мыйзамдарынын жетик эместиги. Негизги проблемаларды талдоонун негизинде республиканын балык чар-басын кризис абалдан алып чыгууга жана аны натыйжалуу өнүктүрүү жолдо-рун иштеп чыгууга багытталган чараларды иштеп чыгуу үчүн максаттар жанабагыттар аныкталат. 3. Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата программасынын максаттары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн максаты - балыктоварларга болгон ички керектөөнү канааттандырууга, Кыргыз Республика-сынын балык ресурстарынын көбөйүү базасын өнүктүрүү үчүн инвестициялар-ды тартуу максатында шарттарды түзүүгө жана балык чарба комплексининбашкаруу структурасын оптималдаштырууга багытталган балык запастарынсактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун, өлкөнүн ичкикөлмөлөрүндө аквакультураны өнүктүрүүнүн негизинде балык чарба комплек-синин туруктуу иштешине жетишүү болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын балыкчарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттик башкарууда комплекстүү мамиле, башка-руунун натыйжалуу системасын түзүү талап кылынат жана төмөнкүдөй масе-лелерди чечүү керек болот: - балык чарба тармагында балык тармагын натыйжалуу өнүктүрүү мил-деттерине жооп берүүчү нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу; - сарамжалдуу пайдалануунун негизинде балык ресурстарын узакмөөнөттүү жана натыйжалуу башкаруу механизмин иштеп чыгуу жана турмушкаашыруу; - балык чарба тармагында илимий изилдөөлөрдү кењейтүү, балык кар-моонун жол берилчү көлөмүн аныктоо методдорун өркүндөтүү, илимий-техни-калык жана билим берүү потенциалдарын чыњдоо; - балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коруу системасынөркүндөтүү, браконьерликти жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ба-лык уулоо эрежелерин бузууларды, ошондой эле балык объекттерин мыйзам-сыз кармоону жана алып чыгууну азайтуу максатында балык уулоого мамле-кеттик иштиктүү контролду камсыздоо; - балык запастарын мамлекеттик контролдоону жана корууну камсыздо-очу аткаруучу бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү; - балык чарбасын маалыматтык камсыздоо системасын өнүктүрүү; - балык запастарын жасалма көбөйтүү технологияларын өнүктүрүү, атамекендик ихтиофаунадагы балыктардын баалуу түрлөрүнүн энелик үйүрлөрүнтүзүү; - Кыргыз Республикасынын ички көлмөлөрүндө аквакультура технологи-яларын өнүктүрүү; - суу боюндагы (ышкыбоздук) балык уулоону артыкчылыктуу өнүктүрүү; - балык товарларынын, балык өстүрүү жабдууларынын жана балык чар-балык арналыштагы материалдардын өнүккөн рыногунун инфраструктурасынкалыптандыруу; - жээк аймактардагы эмгекчи калктын балык чарба тармагынын ке-ректөөсү үчүн иш менен камсыздалышында мамлекеттик социалдык стратегия-ны иштеп чыгуу. 4. Программанын багыттары жана ишке ашыруу этаптары Бул Программаны ишке ашыруунун негизи багыттары төмөнкүдөй: - Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүн жана балык ресурс-тарын башкарууну өркүндөтүү; - балык уулоо ишин жөнгө салуу, ышкыбоздук балыкчылыкты жана аква-культураны өнүктүрүү (садокто балык өстүрүү); - балык запастарынын корулушун жана сакталышын контролдоо чарала-рын өркүндөтүү; - балык чарбалык илимий изилдөөлөр системасын өркүндөтүү жана ба-лык тармагында иштеген адистерди кошумча окутуу. Программаны ишке ашыруу этаптары Системаны жањыртуунун биринчи этабында (2008-жыл) негизги көњүлбалык чарба ишинин жана структуралык өзгөртүүлөрдүн бардык тараптарынкамтычу нормативдик укуктук база түзүү боюнча биринчи кезектеги маселе-лерге бурулат. Балык өстүрүү максатында суу объекттерин пайдаланууга жана балыккармоо объекттерин алып коюуга байланыштуу балык чарба ишин мамлекеттикжөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу зарыл. Структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, балык чарба комплексин башка-рууну өркүндөтүү, иштетүүчү заманбап өндүрүштү жана сатуунун цивилиза-циялуу рыногун уюштуруу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - балык чарба комплексин мамлекеттик башкарууну жөнгө салуучу нор-мативдик укуктук база иштеп чыгуу; - балык чарба комплексинин объекттерин инвентаризациялоо; - пайдалануучулардын экономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша жана объ-ективдүү маалыматтардын негизинде суу объекттерин жана балык ресурста-рын бөлүштүрүүнүн узак мөөнөттүү негиздеги бирдиктүү оптималдуу систе-масын түзүү; - балык чарбалык көлмөлөрдү жана алардын балык ресурстарын пайда-лангандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы киргизүү; - балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн корууну өркүндөтүү,балыкты браконьерлик кармоону уюштургандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү; - балык чарбалык көлмөлөрдө жана товардык балык өстүрүүчү чарба-ларда экологиялык жана эпизоотиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар-ды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу; - жээкте балык уулоону, көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү товардыкбалык чарбаларды тездетип өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү. Биринчи этаптын бүтүрүлүшү балык чарба комплексин кризистен чыга-руу үчүн шарттардын түзүлүшүн, балык тармагын башкаруунун рыноктук ме-ханизмдерине өтүүнү жана тийиштүү рыноктук инфраструктура калыптандыры-лышын көздөйт. Экинчи этап (2009-2010-жылдар) - стабилдештирүү этабы. Илимдин же-тишкендиктеринин, балык өстүрүү инфраструктурасын өнүктүрүүнүн, балыктармагында балык өстүрүүчү ишканалардын инвестициялык кызыктуулугунарттыруунун негизинде балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө өтүү белги-ленүүдө. Бул этапты ишке ашыруудагы негизги багыттар төмөнкүдөй: - чет мамлекеттер менен балык өстүрүүнү жана балык кармоонуөнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыкты кењейтүү; - Кыргыз Республикасынын эл аралык балык чарбалык долбоорлорго ка-тышуусун активдештирүү; - балык чарба комплексинин жањы объекттерин курууга мамлекеттикколдоо чараларын өркүндөтүү; - садокто жана фермердик балык өстүрүүнү өнүктүрүү; - ар кыл типтеги көлмөлөрдө жайыттык аквакультура ыкмасы менен ба-лык өстүрүү көлөмүн көбөйтүү, ири табигый жана жасалма көлмөлөрдө,ошондой эле балык уулоого пайдаланылбай турган чакан көлмөлөрдөтөлдүк-товардык балык өстүрүү комплекстерин түзүү; - жергиликтүү калктын иш менен камсыздалышын көбөйтүү үчүн балыкчарбасынын өндүрүштүк инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү (балык за-воддор, балык питомниктер, балык уулоочу, садоктук жана көлдүк-товардыкбалык чарбалары); - балык чарбасынын муктаждыктарын камсыздоо максатында адистердикомплекстүү даярдоо жана кайра даярдоо боюнча чараларды ишке ашыруу. Экинчи этаптын башкы жыйынтыгы - көбүнчө ички сарамжалдардын жанаинвестицияларды тартуунун базасында балык чарба комплексинин төл бери-шин туруктуу кењейтүү үчүн шарттарды түзүү, бул өз кезегинде өлкөнүнички рыногуна балык товарларды берүүнү орчундуу көбөйтүүгө, ассорти-ментти кењейтүүгө, сапатты арттырууга жана атаандаштыкка жарактуулуктукөбөйтүүгө негиз болот. Үчүнчү этап (2011-2012-жылдар) - туруктуу өнүгүү мезгили - балыксекторун өнүктүрүү үчүн инвестициялардын активдүү салынышы мененмүнөздөлөт. Балык тармагынын рыноктук инфраструктурасын өнүктүрүү тышкы дагы,ички дагы инвесторлордун инвестициялык активдүүлүгүнө өбөлгө болот депболжонууда. Балык запастарын жасалма өндүрүү, аквакультураны өнүктүрүү, балыкуулоонун жањы объекттерин жана райондорун өздөштүрүү, кадрлык камсыздоосистемасы жана жањы технологияларды киргизүү орчундуу даражада рыноктукинституттардын кызыкчылык чөйрөсүнө айланат. Балык чарбаны өнүктүрүү боюнча чаралар иш менен камсыздоо пробле-масын чечүүгө, иш орундарды сактоого жана жањыларын ачууга мүмкүндүкберет. Кадрларды балык тармагынын квалификациялуу адистерге болгон мук-таждыгына жараша даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү боюн-ча чаралар улантылат. Балык кармоонун жана балык продукциясын чыгаруунун көлөмүнкөбөйтүү, ошондой эле өркүндөтүлгөн салык мыйзамдары балык чарба уюмда-рынын финансылык абалын чыњдоо үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт. Илимий изилдөөлөрдү кењейтүү жањы, аз изилденген жана толук пайда-ланылбай турган көлмөлөрдү жана алардагы уулоо объекттерин пайдалануугакиргизүүгө мүмкүндүк берет. Жээктеги балык уулоону өнүктүрүү толук пайдаланылбай жатканкөлмөлөрдүн жана алардагы уулоо объектеринин эсебинен сырьелук базанынкењейтилишин камсыздайт. Көлмөлөрдүн балыкты садокто өстүрүүгө, ошондой эле ышкыбоздук жанаспорттук балык уулоону уюштурууга жарактуу жээк зоналарын пайдалануубалык тармагында чакан ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын ички көлмөлөрүндө балык уулоо жана балыкөстүрүү орчундуу өнүктүрүлөт. Балык чарбаларда өстүрүлчү жогорку про-дуктулуу балыктардын породаларынын үлүшү орчундуу көбөйөт. 5. Программаны ишке ашыруу механизмдери Программаны ишке ашырууда төмөнкүлөр көздөлөт: - балык чарба көлмөлөрүн жана алардын балык ресурстарын башкаруучөйрөсүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо; - Программада айтылган негизги маселелерди чечүүгө арналган иш-ча-раларды, анын ичинде республикалык жана региондук программаларды түзүү; - Кыргыз Республикасынын балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү кам-сыздоого арналган иш-аракеттерди республикалык жана региондук дењгээл-дерде координациялоо; - мыйзам актыларга тийиштүү оњдоолорду киргизүү, балык запастарынкоргоо, пайдалануу жана көбөйтүү, рыноктук мамилелерди өнүктүрүү, атамекендик өндүрүүчүнүн инвестициялык кызыктуулугун арттыруу жана кызык-чылыктарын коргоо боюнча башка нормативдик укуктук актылардын долбоор-лорун иштеп чыгуу; - балык тармагынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматты талдоо жанабаалоо системасын түзүү; - мамлекеттин жана менчиктин бардык түрлөрүндөгү чарбакер субъект-тердин күч-аракеттерин бириктирүү. 6. Зарыл ресурстар жана каржылоо булактары Бул Программаны ишке ашыруу үчүн 50 млн.сомго жакын, анын ичиндебалык чарба көлмөлөрүн жана алардын балык ресурстарын пайдалангандыкүчүн атайын каражаттардын эсебинен 20 млн.сом жана ар кайсы донорлордунжана инвестициялардын (чет өлкөлүктөр менен кошо) каражаттарынан - 30млн.сом акча керек, алар - Программаны аткарууга жумшалат. Программанын иш-чараларын каржылоо булактары жана көлөмдөрү ушулПрограмманын N 1 тиркемесинде көрсөтүлдү. Балык тармагын каржылоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууүчүн төмөнкүлөр зарыл, алар: - ушул Программаны каржылоо үчүн кошумча булактарды табуу; - балык чарбалык, балык коруучу, көбөйтүүчү, илимий-изилдөөчү, ба-лык өстүрүүчү-мелиорациялык жана балык тармагынын эпизоотияга каршыиш-чараларын каржылоо механизмин балык чарбасында жүргүзүлүп жаткан ре-форманы эске алуу менен иштеп чыгуу; - балык уулоо тармагынан алынчу каражаттарды балык тармагынөнүктүрүүгө гана жумшоонун механизмин аныктоо; - балык чарбасын ар кыл донорлор, эл аралык финансылык институт-тар, жеке сектор жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салын-баган башка булактар тарабынан, алдын ала макулдашылган жана тандалгандолбоорлор боюнча инвестициялоо механизмин иштеп чыгуу. 7. Программанын ишке ашырылышын укуктук камсыздоо Программаны ишке ашыруу балык чарба комплексинин иштешинин бир-диктүү нормативдик укуктук базасын иштеп чыгууну шарттайт. Мында негиз-ги принциптер төмөнкүлөр болууга тийиш: - нормативдик укуктук базаны өнүктүрүүнүн удаалаштыгы жана ыраат-туулугу; - балык уулоо жана балык өстүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын комп-лекстүүлүгү. Программаны ишке ашыруу процессинде Кыргыз Республикасында балыкчарбасынын мыйзамдык негизин толук камсыздоого жарактуу бирдиктүү, бир-дей түргө келтирилген мыйзамдык чөйрө түзүлөт. Бул максаттарда бир катар нормативдик укуктук актыларды жана би-ринчи кезекте Кыргыз Республикасынын "Балык уулоо жана балык запастардыкоргоо жөнүндө" Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу керек, ал КыргызРеспубликасынын көлмөлөрүндө балык запастарын изилдөө, көбөйтүү, пайда-лануу жана сактоо тармагындагы көп жактуу проблемаларды комплекстүүжөнгө салууга багытталууга тийиш. Балык ресурстарга менчик укугуна, балык уулоо тармагындагы квотаберүүгө жана лимит берүүгө тиешелүү нормалар мыйзамдык негизде бекити-лишет; балык чарба көлмөлөрүн жана алардын балык запастарын пайдалануу-чулардын негизги укуктары жана милдеттери, ошондой эле тийиштүү мамле-кеттик органдардын ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш. Балык запастарды башкаруу ыкмасын жана аларды пайдаланууну жөнгөсалуу механизмдерин өзгөртүү Кыргыз Республикасынын "Балык чарбажөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" жана "Айлана-чөйрөнү коргоожөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Балык уулоо жана балык запастарды коргоо жагындагы эреже бузгандыкүчүн администрациялык жана кылмыш-жазыктык жоопкерчилик чараларын сис-темалаштыруу жана күчөтүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинежана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. Мыйзамдык базанын өзгөртүлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүннормативдик укуктук актыларын да кайра кароону жана инвентаризациялоонуталап кылат. 8. Кыргыз Республикасынын балык чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлеринин статусун жогорулатуу Балык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишкеё ашыруу балыкчарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын жана балык запастарды кор-гоо боюнча ага таандык кызматтын кызматкерлерине тапшырылган. Тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын балыкчарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлеринин тийиштүүукуктарын жана милдеттерин аныктоо зарыл, ал: - балык запастарды коргоо кызматынын кызматкерлеринин укуктарынжана милдеттерин кайра кароо; - балык запастарды коргоо кызматынын кызматкерлерин байланыш кара-жаттары, автомобиль жана суу транспорт, кийим, табелдик курал жана баш-ка материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо; - ишке алуудагы техникалык жана квалификациялык талаптарды иштепчыгуу, балык чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери-нин бардык дењгээлдери үчүн атайын контракттарды аныктоо; - жетигирээк кадр саясатын жүргүзүү жана кадрларды ротациялоонутартипке салуу үчүн балык тармагынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен балыкчарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин маалымат-тык базасын такай жањылап туруу. 9. Күтүлгөн натыйжалар Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар төмөнкүдөй: - товардык балык өндүрүүнүн орчундуу көбөйүшү, анын ассортиментикөбөйүшү жана сапаты жакшырышы, жергиликтүү калктын толук белоктуу та-мак-аш продуктуларга керектөөсүн канааттандыруу; - балыктардын селекциялык (генетикалык) жактан асылдандырылганформаларын жана түрлөрүн өстүрүүнүн жана алардын өлкөнүн көлмөлөрүнөкое берүүнүн товардык балык өстүрүү үчүн көбөйтүлүшү; - балыктардын баалуу породаларын өстүрүүнүн заманбап технологияла-рын киргизүү, балык продукцияны сатуунун туруктуу рыногун уюштуруу; - балыксыз жана балыгы аз суу объекттерде балык өстүрүү боюнчауюштурулган өндүрүштөрдө жергиликтүү калктын иштөө чөйрөсүн түзүү; - балык чарба комплексин туруктуу башкаруу; - балык чарба чөйрөсүндө нормативдик укуктук базаны жакшыртуу,мамлекеттик органдардын уруксат берүү-жөнгө салуу функцияларындагы кай-талоолорду жоюу; - балык ресурстарды сактоодо жана сарамжалдуу пайдаланууда мамле-кеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,ошондой эле жарандардын, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын ролун жо-горулатуу; - балык чарбаны башкаруучу ыйгарым укуктуу органдын структурасынрационалдаштыруу жана балык тармагын реформалоо; - балык чарбасы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо. Корутунду Балык ресурстарды сактоо жана көбөйтүү тармагында мамлекеттик баш-каруу системасын өркүндөтүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын шайма-шайжана ырааттуу күч-аракети талап кылынат. Программаны аткаруу үчүн кызыкдар тараптардын ортосунда ыйгарымукуктарды жана жоопкерчиликти натыйжалуу бөлүштүрүү максатында инсти-туттук жана укуктук жактарда реформа жүргүзүү зарыл. Кыргыз Республикасынын балык чарба чөйрөсүндөгү мыйзамдарын анданары өркүндөтүү жана нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу балыктармагындагы проблемаларды чечүүгө жана алдын алууга шарт түзөт. Бул Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө анын аткарылышына монито-ринг жүргүзүлөт жана тийиштүү реформалардын натыйжаларынын майнаптуулу-гуна баа берилет. Натыйжалуулук жана иштиктүү кызматташуу, балык чарба комплексинөнүктүрүү этаптарындагы артыкчылыктарды эске алуу принциптеринде калк-тын потенциалы жана донор жана эл аралык уюмдардын жардамдары пайдала-нылууга тийиш. Программаны ишке ашырууда мамлекеттин жана менчиктин бардык форма-ларындагы чарбакер субъекттердин күч-аракеттеринин бириктирилиши зарыл.Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн белгиленген жолдоружакынкы келечекте товардык балык продукция чыгаруунун көлөмү көбөйүшүүчүн шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата программасына № 1 тиркеме Балык чарбасын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата программасын каржылоо булактары жана көлөмү -----------------------------------------------------------------------| N | Иш-чаралар |Ишке ашыруу|Каржылоо | Каржылоо булагы || | | мезгили | көлөмү | (мињ сом) || | | |(мињ сом)|------------------------|| | | | |Бюджеттен |Инвестициялык|| | | | |тышкаркы | каражаттар || | | | |каражаттар| ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------|| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||1 |Балык чарба |2008-жыл | 125,0 | 125,0 | - || |комплексин | | | | || |инвентаризациялоо,| | | | || |балык чарбасынын | | | | || |нормативдик | | | | || |укуктук базасын | | | | || |иштеп чыгуу жана | | | | || |өркүндөтүү | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||2 |Оргтехника сатып |2008-2009- | 375,0 | 175,0 | 200,0 || |алуу |жылдар | | | || |(компьютерлер, | | | | || |факстар, | | | | || |ксерокстор, | | | | || |сканерлер) | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||3 |Лосось жана карп |2008-2012- | 1000,0 | 500,0 | 500,0 || |балыктардын энелик|жылдар | | | || |үйүрүн түзүү | | | | || |боюнча ишти | | | | || |уюштуруу жана | | | | || |жүргүзүү, | | | | || |селекциялык-асыл | | | | || |тукумдук ишти | | | | || |өркүндөтүү | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||4 |Өлкөнүн сууларын |2008-2012- | 5000,0 | 3500,0 | 1500,0 || |балыктандыруу |жылдар | | | || |максатында көлмө, | | | | || |садок чарбаларда | | | | || |жана балык | | | | || |заводдордо балык | | | | || |запастарын | | | | || |толуктоо жана | | | | || |төлдү өстүрүү | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||5 |Жаш төлдү чоњойтуп|2008-2012- | 10000,0 | 1200,0 | 8800,0 || |өстүрүү үчүн |жылдар | | | || |инкубациялык | | | | || |цехтерди куруу, | | | | || |реконструкциялоо | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||6 |Балык-суу |2008-2012- | 2000,0 | 1000,0 | 1000,0 || |жабдууларын сатып |жылдар | | | || |алуу | | | | || |(инкубациялык | | | | || |аппараттар, | | | | || |балыктын | | | | || |личинкаларын | | | | || |кармоо жана төлдү | | | | || |өстүрүү, | | | | || |өндүрүүчүлөр жана | | | | || |ремонттук топ | | | | || |менен иштөө үчүн | | | | || |лотоктор жана | | | | || |бассейндер) | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||7 |Балык чарбалык |2008-2012- | 5000,0 | 2500,0 | 2500,0 || |мелиорация, |жылдар | | | || |көлмөлөрдө | | | | || |учурдагы ремонт | | | | || |жана эпизоотияга | | | | || |каршы жумуштарды | | | | || |жүргүзүү | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||8 |Балык уулоо |2008-2012- | 2000,0 | 600,0 | 1400,0 || |шаймандарын сатып |жылдар | | | || |алуу (торлор, | | | | || |калкымалар жана | | | | || |башкалар, алардын | | | | || |жабдыктары) | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||9 |Балык коруу |2008-2012- | 7500,0 | 3500,0 | 4000,0 || |кызматы үчүн |жылдар | | | || |атайын | | | | || |автотранспорт, | | | | || |катерлерди, | | | | || |байланыштын жана | | | | || |байкоо жүргүзүүнүн| | | | || |техникалык | | | | || |каражаттарын, | | | | || |кызматтык курал | | | | || |жана форма кийим | | | | || |алуу | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||10 |Балык чарба |2008-2012- | 1000,0 | 500,0 | 500,0 || |субъекттери үчүн |жылдар | | | || |жүк көтөрүмдүүлүгү| | | | || |1 т чейинки балык | | | | || |уулоочу кайыктарды| | | | || |жана кубаттуулугу | | | | || |30 ат күчүнө | | | | || |барабар кайык | | | | || |моторлорун сатып | | | | || |алуу | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||11 |Илимий, |2008-2012- | 3000,0 | 1800,0 | 1200,0 || |ихтиологиялык, |жылдар | | | || |гидробиологиялык | | | | || |жана | | | | || |ихтиопатологиялык | | | | || |изилдөөлөр | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||12 |Балыктын жањы |2009-2012- | 1000,0 | 400,0 | 600,0 || |түрлөрүн жана |жылдар | | | || |жемдик | | | | || |организмдерди | | | | || |климатташтыруу | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||13 |Миникомбикорм |2008-2010- | 2500,0 | 1000,0 | 1500,0 || |завод куруу |жылдар | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||14 |Балыкты иштетүү |2008-2010- | 2500,0 | 800,0 | 1700,0 || |жана консервалоо |жылдар | | | || |боюнча чакан линия| | | | || |орнотуу | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||15 |Сыйымдуулугу 1,5 т|2008-2012- | 2000,0 | 500,0 | 1500,0 || |автомуздаткычтарды|жылдар | | | || |алуу | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||16 |Муздаткыч |2008-2012- | 2000,0 | 500,0 | 1500,0 || |жабдууларды алуу |жылдар | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------||17 |Муздатуучу жана |2008-2010- | 3000,0 | 1400,0 | 1600,0 || |садок жабдуулары |жылдар | | | || |бар атайын | | | | || |"Балык-Рыба" дүкөн| | | | || |ачуу | | | | ||---|------------------|-----------|---------|----------|-------------|| |Бардыгы: |2008-2012- | 50000,0 | 20000,0 | 30000,0 || | |жылдар | | | |-----------------------------------------------------------------------