Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Балык чарба департаменти жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Департаменттин негизги милдеттери III. Департаменттин функциялары IV. Департаменттин укуктары V. Департаменттин ишинин уюштурулушу VI. Департаменттин ишинин токтотулушу I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-тетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин (мын-дан ары - Департамент) ишин жөнгө салат. 2. Департамент Кыргыз Республикасында балык чарбаны мамлекеттикбашкаруу органы боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет жа-на мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрдүн негизги пайдалануучусуболот. 3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына, Кыргыз Республикасынын балыкчарба тармагындагы башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой элеушул Жобого таянат. 4. Департамент юридикалык жак болот, өз алдынча балансы, КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жанаөзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штамптары,банкта алыш-бериш эсеби, фирмалык бланктары жана башка юридикалык жак-тын атрибуттары болот. II. Департаменттин негизги милдеттери 6. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүдөй болот: - балык продукциянын өндүрүлүшүн көбөйтүү, иштеп жаткан балык чар-балык кубаттуулуктардын балык иштетүү продуктуулугун арттыруу, жањы ба-лык өстүрүүчү чарбаларды түзүү; - өндүрүлчү жана сатылчу балык продукциянын сапатын жакшыртуу жанаассортиментин кењейтүү; - көлдөрдө жана суу сактагычтарда өндүрүлчү жана кармалчу товардыкбалыкты камдоону, иштетүүнү жана сатууну уюштуруу; - балык запастарды ведомстволук коруу жана балык коргоо мыйзамда-рынын сакталышын ведомстволук контролдоо. III. Департаменттин функциялары 7. Департамент ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функци-яларды аткарат: - балык чарбалык ишти жана мамлекеттик маанидеги балык чарбакөлмөлөрдө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-тетүү өнөр жай министрлигинин ведомстволук көлмөлөрүндө балык запастар-дын ведомстволук корулушун башкарат; - балык чарбаны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, балыкчарбаны өнүктүрүү иш-чараларын жана программаларын иштеп чыгат, алардынаткарылышын камсыздайт; - балык чарбалык көлмөлөрдүн жана балык запастарынын сарамжалдуупайдаланылышын камсыздайт, аларды пайдалануунун жана коруунун тартибинбелгилейт; - балык тармагынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу жана республи-канын калкынын балык продукцияга муктаждыгын канааттандыруу максатындабалык чарба процессине алдыњкы технологиялардын киргизилишин камсыз-дайт; - балык чарба субъекттердин көлмө аянттарын жана суу объекттердитовардык балык, тукумдук жана асыл тукумдук материалды өстүрүү үчүн на-тыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштерин уюштурат; - илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча балык запастарды жасал-ма көбөйтүү боюнча болжолдуу тапшырмаларды аныктайт жана аларды балыкөстүрүүчү базасы бар балык чарба субъекттеринин арасында менчигининформасына карабастан бөлүштүрөт; - ведомстволук жана балык чарбалык көлмөлөрдө ышкыбоздук жанаспорттук балык уулоону уюштурат; - балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарын сактоо жана калыбынакелтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана турмушка ашырат; - балык өстүрүүчү ишканалардын, садоктук жана көлмөлүк балыкөстүрүүчү чарбалардын балыктарды өстүрүү жана көлмөлөрдү балыктандыруубоюнча иштерин болжолдойт жана уюштурат; - балык чарбалык көлмөлөрдүн сырьелук балык базасын илимий жанаихтиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык балык чарбалыккөлмөлөр жана балыктардын түрлөрү боюнча жол берилчү балык кармоонункөлөмдөрүн белгилейт; - балык продукцияга рыноктун керектүүсүн изилдейт жана балык тар-магынын товардык балык өндүрүүнү көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүгүн анык-тайт; - товардык балык продукцияны жана балыктын уруктук материалынөндүрүүнү көбөйтүү боюнча учурдагы жана келечек пландардын долбоорлоруиштелип чыгышын уюштурат; - балыктын уруктук материалын жана товардык балык өстүрүүнүн ал-дыњкы технологияларын изилдөө жана киргизүү, көлмөлүк балыктын жогоркупродуктулуу жана жакшыртылган породаларын алып келүү, ошондой эле урук-тандырылган икраны же балыктын чабактарын экспорттоо жана импорттоо,балык тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу маселелери боюнчатышкы экономикалык иш жүргүзөт; - товардык балык жана балыктын уруктук материалын балык өстүрүүчү,садоктук чарбаларда жана балык заводдорунда өстүрүү боюнча жыл сайынкытапшырма-божомолдорду түзүүнү, балык чарбалык көлмөлөргө балыктардынчабактарын кое берүүнүн графиктерин жана пландарын түзүүнү уюштурат; - юридикалык жактардын жана жеке адамдардын балыкты коргоо мыйзам-дарын аткарышын текшерет, балык уулоо эрежесин жана балык запастарынкоргоо боюнча жоболорду бузган фактылар боюнча протоколдорду жана акты-ларды түзөт, аларды эреже бузуу болгон жерлер боюнча укук коргоо жанасот органдарына өткөрөт; - илимий уюмдардын сунушу боюнча балыктардын өнөр жайлык запаста-рын көбөйтүү, аларды жасалма өстүрүү жана климатташтыруу, балык чарба-лык мелиорация, балыктын чабактарын кое берүү жана көлмөлөрдү балыктан-дыруу боюнча жумуштарды уюштурат; - балык чарбаларга жана балык заводдоруна товардык балыкты өндүрүүжана балыктын төлүн өсүшүнүн ар кандай стадияларында багуу боюнча прак-тикалык жана методикалык жардамдарды берет; - көлдөрдө жана суу сактагычтарда өндүрүлчү жана кармалуучу товар-дык балыкты камдоону, иштетүүнү жана сатууну уюштурат, ошондой эле ба-лык чарбалык субъекттердин уруктандырылган икраны балыктын төлүн экс-порттоо жана импорттоо боюнча иштерин контролдойт; - экономикалык жана экологиялык жактан туруктуу балык чарбалык иш-тин өзгөчө стратегиясын жана колдоо көрсөтүү планын иштеп чыгууну кам-сыздайт; - балык чарбалардын балык өстүрүү, балыкты багуу жана балыкты кар-моо боюнча иштерин уюштурат, ал жумуштардын аткарылышына ведомстволукконтролду камсыздайт; - ведомствого таандык жана балык чарбалык көлмөлөрдү, балык уулоо-чу участокторду жана көлмөлөрдү ижарага берет, балык өстүрүү, балык уу-лоо, балык багуу жана балык запастарды көбөйтүү максатында аларды юри-дикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитип берет, алардын эксплуата-цияланышын контролдойт; - балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдордун, көлмөлүк, са-доктук жана көлдүк товардык балык чарбалардын иштерин алардын менчиги-нин формасына карабастан жалпы жетектейт жана координациялайт, аларгаселекциялык-тукумдук ишти уюштурууда, товардык балыкты жана балыктынкое берилчү материалын өстүрүүгө жана сатууга жардам көрсөтөт; - балык чарбалардын энелик жана ремонттук балыктарды, товардык ба-лыкты жана балыктын тукумдук материалын өстүрүү боюнча иштерин, балыктыөстүрүүнүн биотехникасы сакталышын контролдойт, аларды аткаруу боюнчачараларды көрөт; - ветеринардык жана санитардык кызматтар менен бирге базарлардажана дүкөндөрдө сатылчу балыктын сапатын текшерүүгө, балык продукциясатылчу, сакталчу жерлерде жана аны иштетүүчү пункттарда пайдалануугажарактуулугун лабораториялык изилдөөлөргө катышат, өндүрүлгөн, алыныпчыгуучу жана сатылчу балыктын, уруктандырылган икранын жана балыктынуруктук материалынын сапаты жөнүндө ихтиологиялык маалымкат берет; - көлмөлөрдүн сырьелук базасынын абалын изилдейт, балык запастарынмониторингдөө, эсепке алуу жана жањы көлмөлөрдү жана өнөр жайлык объек-тилерди өздөштүрүү максатында балыктарды атайын кармайт; - суулардын жана көлмөлөрдүн санитардык-эпизоотиялык абалына ба-лыктардын ооруларынын алдын алуу максатында мониторинг жүргүзүүнү уюш-турат; - юридикалык жактардан жана жеке адамдардан балык уулоо укугунауруксат документтерин жана балыкты кармоо, иштетүү, кабыл алуу жана са-туу боюнча эсептик документтерин текшерет, эреже бузгандардан мыйзамсызкармалган балык продукцияны, мыйзамсыз балык уулоо куралдарын жанасүзүүчү каражаттарын алып коет; - балык чарбаларга балык өстүрүү, аны кармоо жана иштетүү жана ба-лыктын жемин өндүрүү боюнча соњку жањы технологияларды жана жабдуулардысатып алуу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга жардамкөрсөтөт; - балыктарды ихтиологиялык, контролдук жана санитардык (мелиораци-ялык) кармоо жолу менен республиканын көлмөлөрүндөгү балыктардынтүрлөрүнүн популяциясынын абалын аныктоо боюнча ихтиологиялыкизилдөөлөрдү жүргүзөт; - балыктын ооруларын аныктоо методдорун өркүндөтүү жана суу объек-ттерде жана көлмө чарбаларда эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүпроцессинде лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн жањы ыкмаларынкиргизүү боюнча чараларды көрөт; - чарбакер субъекттерге товардык балык жана балыктын кое берилчүматериалын өстүрүүгө жардам көрсөтүү үчүн балык өстүрүүчү адистердиокутуу жана кайрадан окутуу системасын уюштурат; - балык чарба субъекттер балыкты өстүрүү жана иштетүү технология-сын сакташына, өндүрүштүк кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдаланышынаметодикалык жетекчилик кылат жана ведомстволук контроль жүргүзөт; - ветеринардык кызмат менен бирдикте балыктардын ооруларынын алдыналуу боюнча профилактикалык иштерди уюштурат жана жүргүзөт, балык чарбасубъекттерге сууларда жана көлмө чарбаларда эпизоотияга каршы иш-чара-лардын планын түзүүгө жана ишке-ашырууга практикалык жардам көрсөтөт; - башка ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте балык ресурстардынмамлекеттик кадастрын жана эсебин жүргүзөт, балык чарбалык фонд жөнүндөмаалыматтардын изилденишин, системага салынышын жана сакталышын камсыз-дайт; - балык уулоонун, балык өстүрүүнүн, балык жайылтуунун илимий не-гизделген режимдерин жана көлмөлөрдүн балык продуктуулугун арттыруу жа-на балыкты кармоонун жол берилчү көлөмүн аныктоо боюнча комплекстүүиш-чараларды иштеп чыгат; - балык чарба субъекттер жана илимий уюмдар менен бирдикте балыкзапастарды көбөйтүү, аларды жасалма жайылтуу, климатташтыруу, балыкчарбалык мелиорация, балыктын төлүн сууларга кое берүү жана көлмөлөрдүбалыктандыруу боюнча иштерди жүргүзөт; - балык чарбаларда балык өстүрүүнүн бардык стадияларында балык өс-түрүү боюнча продукциянын эсебин жана отчетун алууну уюштурат, балыкзаводдордо, көлмөлүк жана садоктук балык чарбаларда менчигинин формасы-на карабастан эсептик документтердин жүргүзүлүшүн контролдойт; - балык уулоонун эрежеси жана балык запастарды коргоо жөнүндө жо-болор аткарылышын контролдоо максатында балык чарбалык көлмөлөрдө жай-гашкан балык чарба субъекттерди, гидротехникалык курулмаларды жана суу-дагы корук участокторду текшерет; - көлмөлөрдө балык ресурстарды жана алардын жемдик базасын изилдөөбоюнча иштерди жүргүзөт, ихтиологиялык материалды чогултуу жана иш-тетүү, балыктардын жана жемдик организмдердин запастарын баалоо, өнөржайлык чараны белгилөө максатында балык кармоону уюштурат; - Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастардыкоргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү ишке ашырат; - балык чарба субъекттер балык запастарды эсепке алуу жана алардыкөбөйтүү боюнча иш-чараларды, ошондой эле келишимдик милдеттенмелеринаткарышына контролду камсыздайт; - балык кармалчу жерлерде өнөр жайлык балык кармоону, кармоо ку-ралдарын, өнөр жайлык кармоо жана башка эсептик документтерди текшерет; - көлмөлөрдө балыктын кармалышына жана эсеби жүргүзүлүшүнө, өнөржайлык балыктардын икрасы камдалышына ведомстволук контролду уюштурат; - балык чарба субъекттер балык кармоо жана балык запастарынкөбөйтүү боюнча өндүрүштүк тапшырмаларды аткарышын, ошондой эле балыккармоонун белгиленген квотасын (лимитин) аткарышын контролдойт; - укук коргоочу жана жаратылышты коргоочу органдар менен бирдиктебалык уулоо эрежесин жана балык запастарды коргоо жөнүндө жоболорду бу-зууларды болтурбоо боюнча балык коруучу рейддерди жүргүзөт; - республикада ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюштурулганформаларын өнүктүрүүнү камсыздайт, чарбакер субъекттерге жана коомдукбирикмелерге көлдө жана маданий балык чарбаларды уюштуруу үчүнкөлмөлөрдү берет; - балык чарбалардын жана балык ресурстарынын эсебин алат, энеликкөлмөлөргө көчүрүү үчүн, ошондой эле икраны чогултуу, камдоо, уруктан-дыруу жана инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу үчүн өнөр жайлык ба-лыктардын өндүргүчтөрүн кармоого уруксаттарды берет; - кызмат адамдары жана жарандар балык запастарды коргоо жөнүндөмыйзамдарды аткарышына ведомстволук контроль жүргүзөт, суу чыгаруучукурулмаларда балыкты коргоочу түзүлүштөрдүн орнотулушуна жана иштешиневедомстволук контролду камсыздайт; - урук таштоочу балыкты коргоо боюнча бир айлыктарды жана браконь-ерликке каршы күрөш боюнча такай рейддерди уюштурат жана өткөрөт; - балыктын, жаш төлдүн, личинкалардын, уруктандырылган икранын жа-на суудагы омурткасыздардын алынып чыгышына жана алынып келишине текше-рүүлөрдү жана ведомстволук контролду алардын көбөйтүү, товардык балыкөстүрүү жана башка максаттар үчүн, ошондой эле балыктардын жана суудагыорганизмдердин жањы түрлөрүн климатташтыруу, балыктын төлүн сууга коеберүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу үчүн жүргүзөт; - балык запастарын көбөйтүү жана аларды жасалма таратуу боюнча жу-муштардын жүргүзүлүшүн контролдойт; - республиканын ведомствого таандык жана балык чарбалыккөлмөлөрүндө балык запастардын корулушу жана балык өнөр жайы уюштурулу-шу жагында ведомстволук контролду жүргүзөт; - юридикалык жактар жана жеке адамдар балык продукцияны камдоонун,сатып алуунун, кабыл алуунун, иштетүүнүн жана сатуунун тартибин сакта-шын текшерет жана контролдойт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка нормативдикукуктук актыларында балык запастарды коргоо, пайдалануу жана көбөйтүүжана балык уулоону жөнгө салуу маселелери боюнча каралган башка функци-яларды аткарат. IV. Департаменттин укуктары 8. Департамент өзүнүн компетенциясына ылайык төмөнкүдөй укуктаргаээ: - балык запастарды пайдалануу, коруу жана көбөйтүү тармагында при-каздарды, методикалык көрсөтмөлөрдү чыгарууга, нускамаларды жана балыкөстүрүү-биологиялык нормативдерди бекитүүгө жана Департаменттин ишинетиешелүү маселелер боюнча бардык балык чарбалык субъекттер аткаруугамилдеттүү болгон чечимдерди чыгарууга; - балык чарбалык субъекттерден менчигинин формасына карабастан ба-лык кармоо, товардык балыкты жана балыктын кое берилчү материалын өстү-рүү жана сатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат-тарды жана информацияны белгиленген тартипте суроого жана алууга; - республикадан алынып чыгуучу жана республикага алынып келүүчүбалыкты жана уруктандырылган икраны, балыктардын жана суудагы организм-дердин айрым түрлөрүн климатташтырылышын жана республиканын көлмөлөрүнөкое берилишин, көлмөлөрдүн эпизоотиялык абалын ихтиологиялык контрол-доого, ошондой эле балык чарба субъекттерде жана рыноктордо жањы жанаиштетилген балык продукциянын сатылышын контролдоого; - өнөр жайлык уулоодо кармалуучу, алынып чыгуучу жана сатылчу ба-лыктын эсебин алууга, балык кармоого белеттерди, балык кармоо, балыктыжана балык продукцияны ташуу жана сатуу үчүн эсептик жана башка доку-менттерди берүүгө; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине ведомстволук таандык мамлекеттик маанидеги балык чар-балык көлмөлөрдү, балык уулоочу участокторду балык продукция өндүрүүжана кармоо максатында пайдалануу үчүн ижарага берүүгө, көлмөлөрдү жанаалардын участокторунун ижарасы үчүн акы алууга; - бекитип берилген балык чарбалык көлмөлөрдө балык запастарынынкорулушун уюштурууга, штаттан тышкаркы инспекторлор тармагын түзүүгөжана аларды балыкты коруу жумушуна жиберүүгө; - негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарга ээ болууга, Кыргыз Рес-публикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында балык чарба-лык программаларды ишке ашыруу үчүн балык чарбалык жана балык коруу иш-теринен, көлмөлөрдүн ижарасынан түшүүчү каражаттардын, балык чарбагаинвестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардын, ыктыяр-дуу кошумчалардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салын-баган башка булактардан түшкөн каражаттардын эсебинен атайын алыш-беришэсептерди ачууга; - юридикалык жактарга жана жеке адамдарга балык запастарга келтир-ген зыяндын ордун толтуруу үчүн дооматтарды аныкталган тартипте коюуга. Департаменттин кызматкерлери айырмалоо белгилери бар форма кийимкийүүгө, кызматтык курал жана сигналдык тапанчаларды Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып жүрүүгө укуктуу. V. Департаменттин ишинин уюштурулушу 9. Департаментти кызматка Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарбажана кайра иштетүү өнөр жай министринин сунушу боюнча Кыргыз Республи-касынын Премьер-министри тарабынан дайындалчу жана бошотулуучу директорбашкарат. 10. Департаментте кызматка Департаменттин директорунун сунушу бо-юнча дайындалчу жана бошотулуучу бир орун басар болот. Департаменттин директору жок учурда директордун милдеттерин анынорун басары аткарат. 11. Директор Департаментке тапшырылган милдеттерге ылайык: - Департаменттин жана анын структуралык бөлүнүштөрүнүн ишине жалпыжетекчилик кылат; - Департаментке тапшырылган милдеттердин аткарылышы жана ал өзфункцияларын ишке ашырышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот, орун басардынжана структуралык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин арасында милдеттердибөлүштүрөт, алардын иштин ар кыл багыттарын жетектөө боюнча жоопкерчи-лик даражаларын аныктайт; - кадрларды тандоону жана жайгаштырууну, Департаменттин кызматкер-леринин квалификация дењгээлин жогорулатууну жалпы жетектейт; - кызматкерлердин белгиленген санынын чегинде Департаменттин жанаанын ведомстволук структураларынын штаттык тизимин бекитет. 12. Департаменттин директору төмөнкүдөй укуктарга ээ: - белгиленген компетенциясынын чегинде Департаменттин ишинин опе-ративдүү, кадрлык жана башка утурумдук маселелери боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык буйруктарды чыгарууга; Департаменттин бөлүнүштөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерине жа-на адистерине көрсөтмөлөрдү, тапшырмаларды берүүгө жана алардын аткары-лышын текшерүүгө; - балык чарбасынын маселелери боюнча мамлекеттик органдарда Депар-таменттин кызыкчылыктарынын атынан аныкталган тартипте чыгууга, соттодоочу жана жоопкер катары чыгууга, ишеним каттарды, анын ичинде кайра-дан ишеним көрсөтүү укугу менен ишеним каттарды берүүгө; - эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү менен өз компетенциясынын че-гинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Департаменттин ишине тиешелүү масе-лелер боюнча өз ара байланышта аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө ке-лишимдерге, контракттарга, макулдашууларга жана протоколдорго аныктал-ган тартипте кол коюуга; - Департаменттин жана анын структуралык бөлүнүштөрүнүн кызматкер-лерин ардактуу наамдарды ыйгарууга жана ведомстволук сыйлыктар мененсыйлоого аныкталган тартипте көрсөтүүгө; - келишимдерди түзүүгө, макулдашууларга, ишеним каттарга, КыргызРеспубликасынын банктарында жасалуучу операциялар боюнча эсептешүү жанаакча документтерине кол коюуга. Директор жокто андай документтерге анынорун басары атайын ишеним катсыз кол коет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин жанаанын номенклатурасына кирген структуралык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринкызматка дайындоого жана бошотууга, аларга сыйлоо чараларын көрүүгө жетартиптик жазаларды колдонууга; - Департаментке ведомстволук таандык бөлүнүштөрдүн жетекчилерининКыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыга-рууга; - ага Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайыкберилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууга. 13. Департаменттин кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Де-партаменттин структуралык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболор жана Департамент-тин директору же анын орун басары бекитүүчү тийиштүү кызматтык нускама-лар менен аныкталат. 14. Департаментте коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына директор(коллегиянын төрагасы), директорун орун басары, Департаменттин башкакызматкерлери, зарыл болсо - башка мамлекеттик органдардын жана илимийуюмдардын кызматкерлери кирет. Коллегиянын персоналдык курамын КыргызРеспубликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрибекитет. Коллегиянын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жо-лудан кем эмес өткөрүлөт. 15. Коллегиянын жыйындарында балык тармагын өнүктүрүү маселелерикаралат, балык уулоону жөнгө салуу боюнча илимий-өнөр жайлык кењештинчечимдери бекитилет, Департаменттин бөлүнүштөрүнүн жана кызматтарынынжетекчилеринин өндүрүштүк иш жана аларга жүктөлгөн функциялардын жанамилдеттердин аткарылышы жөнүндө отчеттору угулат. Коллегиянын чечимдериДепартаменттин директорунун буйругу менен ишке ашырылат. VI. Департаменттин ишинин токтотулушу 16. Департаменттин ишинин токтотулушу өзгөртүп уюштуруу же жоюужолу менен ишке ашырылат. 17. Департаментти өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 18. Департаменттин ишинин процессинде пайда болгон документтер"Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.